№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.
Мезгил үнү
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. “Кыргыз тили көчө тили болуп калды” деп кейип, тил безеп бүттүк. Эне тилибиз мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 21 жыл толуптур. Ушул жылдар ичинде калыпка түшүп, аброю өсчү тил, тескерисинче, кантип кор болуп жатканына өзүңүз күбө болуңуз, кадырлуу окурман. Эмесе, өткөндөрдү улай...
БААТЫРЛАРЫҢ, КЫРААНДАРЫҢ КОР БОЛДУБУ УШИНТИП?
Айрымдардын коомдук унаанын айдоочуларына “Исановадан токтотуп коёсузбу?!”, “Турусбековадан бурулуп токтоп кой!” деген сөздөрүн угуп, “Исанов, Турусбеков” деп айтыштан уялабы деп таңыркайбыз. Таң калбаңыз, аларга Турусбеков, Исанов деген ысымдар тааныш болгону менен, чын-чынына келгенде ким экенин биле беришпейт. Бул жөнүндө сөз башка деңизчи, бирок "Б.Баатыра көчөсү" деген жазууну көргөндө түтпөй кетет экен киши. Кыргыздын кыраандарын унутпайлы деп алардын ысымдарын көчөлөргө ыйгарганыбыз дурус, анан минтип Байтик аты өчүп, Б.Баатыра деп жазылып турганына эмне дейбиз? Же булар Байтик – аты, Баатыр – фамилиясы деп түшүнүшөбү?

ЖАРНАМА АГЕНТИГИ
Бул жарнак борбордун жүрөгү болгон Бишкек мэриясынын капталындагы имаратта илинип турат. Жарнактын жогору жагында “Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу” деген жазуу бар. Мына, мамлекеттик деңгээлдеги союздардын “агенттик” деген сөздү “агентик” деп “туура” жазганы! Борбор шаарыбыздын чок ортосунда ушундай көңүл айныткан ката жазылган көрнөк-жарнактар турса, анда шаардан бир аз алыс жайгашкан айылдын аты Төмөнкү-Аларча деп жазылганына кейибей эле койгон оң.

ОЗГОЧОО БУТ КИЙИМ ОНДОУЧУ ЖАЙ
7-апрелде өрттөлүп, кебетеси келишип турган Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эле ушундай бир бут кийим оңдоочу жай бар дейсиз. Аталышын окуп алып жакаңызды кармабай эле коюңуз: озгоочо бут кийим ондоучу жай. Орусчасы “Ремонт обуви” деп туура эле жазылып турат. Баягы эле кор болгон кыргыз тилибиз. Жака-белинде эле жайгашкан Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери, деги эле "элим, тилим" деген патриоттор ал жерден көзүн жумуп өтүшөбү?

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫНДАЙБЫЗБЫ ЖЕ ТӨГҮНДӨЙБҮЗБҮ?
Биздин жогоруда жазылган сүйлөмүбүзгө түшүнбөй калсаңыз, көңүл буруңуз. Киев көчөсүндө заңгыраган имарат турат. “Эмне деп аталат?” деп суроо салуудан мурун сыртындагы жазууну окуп көрөлү. Э, биз бекеринен эле банктардын, азык-түлүк, көчөлөрдүн аттары ката жазылды деп какшай берген турбайбызбы. Мына, президенттин иш башкармасында кыргыз тилинин грамматикасы роль ойнобосо, анда айтар сөз барбы? “Денсоолукту чындоо бирикмеси” деп турбайбы. Ден соолук, чыңдоо деген кыпкыргыз сөздөрү ката жазылса, эртеңки муун ден соолукту чындайбыз деп сүйлөп калса эмне болот?

Терминдер, котормолор тууралуу сөз козголсо эле "бул маселени чечүүгө убакыт керек" деп кутулууга көнгөн Мамлекеттик тил комиссиясы качан ойгонот болду экен?
Бурул Исмаилова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
"Албетте биринчи кезекте тилди оңдоп-түзөтүүдөн баштаар элем," - деп жооп берет ал.
Угуучуулар: "Эмнеге тилден?" - деп сурашат.
Конфуций: "Эгерде тил так эмес болсо,сөздөр ойду туура бере албайт. Ой туура түшүндүрүлбөсө, жасала турган иштер т
соз табалбай озумчо кыйналып аттым.
оруссияда журомбу,-деп элендеп,
айланамды улам-улам карап жаттым.
баары эле кыргыз ондуу корунот,
суйломдору жалан орусча тогулот.
арасында кызуулары бакылдап,
бири-бирине орусчалап согунот.
тегиз элге орусча суйлоп шашыла,
айдоочусу кыргыз жигит татына.
токто, токтотуп коюнуз,-деп,
аран зорго ун чыгардым батына.
Айтуу кыйын. Бирок чынында бул өтө осол көрүнүш.