ТРАССАДА КИМ «КРУТОЙ»?

№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.

Жылдыздар турмушунан

Машинанын рулун бир бураган адамда дагы башкасын айдап көрүүгө кызыгуу жаралбай койбойт. Бир топ убакыт мурун атактууларыбыз кандай машина айдаганы тууралуу жаздык эле. Андан бери айдаган машиналары кандай өзгөрүүгө дуушар болгонуна бир көз жүгүртүп көрсөк.

Динара Акулова: «МАШИНАМ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ»
Таблицадан байкалып тургандай, эстрадабыздын чолпон жылдызы Динара Акулованын машинасы эң “крутой” болуп табылды. Андыктан ырчыбыздын рулдагы жашоосуна кызыктык.
– Динара эже, бул канчанчы машинаңыз?
– Жетинчи машинам. Туулган күнүмө өзүмө-өзүм белек кылып сатып алгам.
– Күнүнө канча май коротосуз?
– Жумушум абдан көп болуп, дайыма айдап жүрсөм, күнүнө 35-40 литрдей кетет.
– Эркектер “рулдагы айым граната кармаган маймылдай эле коркунучтуу” деп айтышат. Буга эмне дейсиз?
– Мен бул айтылган сөзгө каршымын. Башкалар эмес, өзүм үчүн жооп берсем, балдарымды бутуна тургузуу үчүн босогону аттаганда аялдын милдетин, ал эми сыртка чыгып эркектин милдетин аткарам. Ошондуктан машина мен үчүн – бир үй-бүлөнүн жумушун бүтүрүү үчүн эң керектүү нерсе.
– “Көпкөн айымдар Жип айдап жүрөт” деген сөзгөчү?
– Ушул сөздү мен да көп угам. Алыс жолго чыкканда тоо-таш, аң-дөң болот. Жип ошондой жолдорго абдан ыңгайлуу.
– Эң узун жол тартууңуз?
– Машина айдагандан бери эң узак жүргөнүм – Ташкентке барганым. Баса, бир жолу Меrcеdеs 235 үлгүсүндөгү машинам менен Ташкенттен келатып рулда уктап кетип, аз жерден чоң теректи сүзүп кала жаздагам. Ошондон бери аябай сакмын.
– Бузулган жерин оңдой аласызбы?
– Оңдой албайм.
– Машинаңызды сураган адамга бересизби?
– Ушул жагынан абдан катуумун. Эч кимге айдатпайм. Машинамды үй-бүлөмдүн мүчөсү катары кабыл алам. Кадимкидей отуруп алып сүйлөшөм. Бир жолу тааныш байкенин аккумулятору отуруп калып, меникин салып от алдырган. Кыйылып жатып араң берген болчумун. Кайра өзүмдүн машинам от албай калса болобу. Оңдоочу жайдан да себебин түшүнбөй коюшту. Анан отуруп алып кадимкидей кечирим сурасам от алып кетип, өзүм да таң калдым. Ушундан улам ар бир айдоочуга машинаңа кандай мамиле кылсаң, ал да ошого жараша кызмат кылат деп айтат элем.
– Дайыма жолуңуз шыдыр болуп, дөөтүңүз көп иштерге жарасын!

ТАКСИ КЫЗМАТЫН КОЛДОНГОНДОР
Төмөндөгү инсандарыбыз: Акбар Сүйүнбаев, Жаным Айзат, Аида Кулуева, Күмөндөр Абылов, Элина Абай кызы, Гүлжигит Сатибеков, Чолпонай, Роза Шакирова, Юлия Руцкая, Ынак Осмоналиев, Нурзада Жолдошова, Даниель, Гүлжигит Калыков, “Импульс” тобунун кыздары такси кызматын колдонушат.

МАШИНА АЛАМ ДЕП ТУРГАНДАР
Омар, буюрса, шайлоо бүтөрү менен Merсedes үлгүсүндөгү машинаны мээлеп жатканын айтып, керек болсо болжолдуу баасын 12 миң доллардын тегереги деп да бычып коюптур.
Ырыскелди Осмонкулов азырынча сыр болгону менен, кымбат машиналардын тизмесин карап жатыптыр.
Ал эми Темир Назаров Ош окуяларынын алдында машинасын сатып жиберген. Эми Mercedes, Toyota же BMW үлгүлөрүнөн алам деп ниет кылып турган кези.
Ырчы айымдардын ичинен эң эле тез-тез машина алмаштырган кызыбыз Айгүл Чалова да учурда жаңы машиналуу болууну самап жаткандардын катарында. Айта кетсек, бул кызыбыз жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөрдөн.
Алина Жетигенова эжебизге байланышсак, «мына, жаңы эле машинабызды сатып жатабыз» деген жообун айтып, «буюрса, Жип үлгүсүндөгү машиналардын эң «жашын» алам» деп жооп узатты.

АЯБАЙ «СКРОМНЫЙ» АЙДООЧУЛАР
Аябай «скромный» айдоочулардын алдыңкы катарына спортчу Азамат Байматов илинди. Айдаганы BMW үлгүсүндөгү машина экен. «Ал эми баасын, жылын айтпай эле коёюнчу. Мен «скромный» эле баламын» дейт.
1996-жылкы BMW үлгүсүндөгү машина айдаган бул катарга Чыңгыз Мырзаев да кирди. Тилинен бал тамган жигитибиз материалдык байлыгын айтуудан тартынат экен.
Назира Айтбекова балканактай эркек бала төрөп бергендиги үчүн күйөөсүнөн 1998-жылкы Nissan Cefiro үлгүсүндөгү машинасын белекке алган. «Алган аттын тишин ачып карабайт»дегендей, баасын сураган эмес.

«ШЕДЕВР» МАШИНА ЭЭЛЕРИ
КG Эльмурат «бир эмес, эки «шедевр» машинам бар» дейт. Бири ЗИЛ, экинчиси Жигули экен. Бирок экөөнү тең айылга барганда эле айдайт.
Арсен «анча-мынча Жиптерди артка калтырган, айдоо учурунда өтө популярдуу трактор тебем. Көз тийип кетпесин деп «только» айылдан айдайм» дейт.

«ОДНОЛЮБ» ЖАНА ТЕЗ АЛМАШТЫРГАНЫ
Өзү айткандай, «машинага «однолюбмун» деген куудул жигит Камчы Сарыбаев Mazda үлгүсүндөгү машинасын 5 жылдан бери айдап жүргөнүн айта кетти.
Ал эми машинаны шамалдай тез алмаштырган айдоочу Бакыт Байсариев болуп чыкты. Анын бир айда эки машина алмаштырып жиберген учурлары да болуптур.

ЖӨӨ КҮЛҮК
Бир жолу машина айдайм деп Ислам Сатаров аңга тоголонуп түшкөндөн кийин, фобиясы – айдоочулук. Ошондон кийин эки бутуна гана ишенет. «Машина алсам да айдоочусу менен алам» дейт.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(18)
25.09.2010. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ого мен телефонум менен суйлошом!
25.09.2010. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо Султан жонунда эмне жазбадынар?
25.09.2010. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
takyr baalary tuura emes, kymbat jaza beriptirsiner. jyldary da kalp. bilbeim kayaktan informaciya algansynar!?
25.09.2010. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы, машинасы, жылы дал келгендер томонкулор: Жанэль, Рысбек Жабиров, Бегимай Эсенгулова, Аваз Акимов, Нурзат Токтосунова, Баяке Чааров, Алихан.
25.09.2010. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасын, жылын оздорунон сурасанар керек ээ? Бир болсо дагы чонойтуп айта бергенби дейм??? Эмнеси болсо дагы машиналарынын алдынан шамал отуп турсун!!!
25.09.2010. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цена на табло - (1500, 2000) = Реальная цена!!!
25.09.2010. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalp aitkandan emne paida je emne silerge eldi aldash onoi nersebi silerde bar mawina elde da bar demek el da bilet kaisy mawina kancha som turaaryn
25.09.2010. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikashym4a,en ele eskisi(4yn aitkany) Andashtyky eken...Kalgandary kalpty yshkyrtyp koushkan go...Kanday bolso dagy,joldoru dayim shydyr bolsun!!!
25.09.2010. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koygulachy dostor silerge koyso ech teke jakpayt, jyldyz bolgondon kiyin ishi oshol da. Bashka mamlekettin jyldyzdaryn karagyla minimum 5-6dan mashinalary bar. Bizdin baykushtarga yrdap bergenine rahmat degile, alar jyldyz bolup jyldyaday da jashashpayt
oylonup korup ushunday kompleksterdi koyguladostor
26.09.2010. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин жылдыздардын машиналарын жазбай эле коюшса болмок...башка мамлекеттердин жылдыздары корсо шылдындап кулушот болушу керек!
27.09.2010. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат Токтосунова туурв жазыптыр калгандарын айтыш кыйын
27.09.2010. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо!!эмнеге атайын эле бир кругдагы ырчылардан сурай бересинер ..
силер сурагандар дайыма окшош кишилер..
качан чыныг таланттардан кеп сурайсынар ..
силерге жузу жылдыз болсо элн болду окшойт эээ
чыныгы уну жана таланты барларды жэлге таанытсанар мыкт
27.09.2010. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел Кыдыкова жонундо жазгылачы сураныч эмре болгон ага
27.09.2010. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin da mawinam bar,birok aidagandan korkom.
27.09.2010. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Д.Акылова шамандарга окшобонузчу.Кантип эле темир машинанын сизге боору оорусун.Балким,Жогорудан Кудайдын кулуна боору ооруп кеткен болбосун.
30.09.2010. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже, ишиңизге ийгилик, машинаңыздын алдынан жел өтө берсин.
30.09.2010. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машинаны байлык катары эмес, унаа катары пайдаланабыз да.
02.10.2010. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
торт доногологунордон шамал ото берсин. Бирок озунордун коопсуздугунар учун абайлап айданыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо