Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ!

№928 17-23-сентябрь, 2020-ж.

"COVID-19 жөнүндө баяным" дил баяндар сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктай турган убак келди. Бул сынакка 80ден ашуун катышуучу дил баяндарын жөнөтүштү. Анда катышуучулар ыр, дил баян, жадакалса видео аркылуу өздүк чыгармалары менен бөлүшүштү.

Бул сынакка катышып, өз окуялары менен бөлүшкөн ар бир катышуучуга ыраазычылык билдиребиз. Себеби ар бир чыгарма калыстар тобун ыйлатты, кабатыр кылды жана коронавирус менен болгон күрөштөгү жетишкендиктериңиз сыймыктандырды.

Биринчи орун Курманбек Ниязбековго ыйгарылат, кызыктыруучу сыйлык – "Раритет" китеп дүкөнүнө 2000 сомдук сертификат.

Экинчи орунду Анара Кенжебаева ээледи –
"Раритет" китеп дүкөнүнө 1400 сомдук сертификат.

Үчүнчү орун Акил Адамалиевге ыйгарылат – "Раритет" китеп дүкөнүнө 1000 сомдук сертификат.

Cынактын калган катышуучулары "Раритет" китеп дүкөнүнөн Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү белгилүү жазуучулардын китептери түрүндө кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту: Гүлнара Джолдошбаева, Болотбек Кирбашов, Гүлзина Айтмаматова, Венера Кабакбек кызы, Анара-Байнар, Айзита Аалыканова, Анара Айпова.

Бардык катышуучуларга катышкандыгы, чыгармачыл иши жана чечкиндүүлүгү үчүн рахмат. Катышуучулардын чыгармачыл иштерин Telegram каналыбыздан окуй аласыз – https: //t.me/kncvkg

Сыйлыктар “KNCV KG” коомдук фондунун ыктыярдуу салымдары тарабынан алынды.

Белгилей кетсек, "COVID-19 жөнүндө баяным" – бул коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келгендердин бардыгына арналган дил баян сынагы. Сынактын башкы максаты – коомчулуктун COVID-19 менен ооруп айыккандарды кодулоону жана ооруган адамдардын өзүн-өзү кодулоосун жоюу. Ошондой эле Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкка психологиялык жардам көрсөтүп, стресстен арылтуу.

Бул долбоор жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган “Бүтүрүүчүлөрдүн COVID-19 Ыкчам Чара” чакан гранттар программасынын каражатынан даярдалган. Аталган чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо