ӨЛКӨДӨ ЭТ КЫМБАТТООДО

№928 17-23-сентябрь, 2020-ж.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап, бул кырдаал каржылык кризисте турган коомчулукта нааразы пикирлерди көбөйттү. Премьер-министр Кубатбек Боронов бул көрүнүштү экспорттун өсүшү менен түшүндүрдү.

“Өлкөдө койдун эти 7, уйдун эти 10 сомго кымбаттады. Бул Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга мал экспорттоонун өсүшү менен байланыштуу. Учурда Монополияга каршы күрөшүү комитети бааларды көзөмөлдөө боюнча иштеп жатат”,- дейт өкмөт башчы.

Эттин баасы 7 сомдон 10 сомго чейин кымбаттады деген сөз – расмий жооп. Базарларда, соода түйүндөрүндө баа кескин өскөнү социалдык түйүндөрдө айтылып, жазылууда. Ал эми элде Боронов айткан Монополияга каршы күрөшүү комитети бааларды тескеп, жөнгө салып берет деген ишеним жок. Мисалы, COVID-19 эпидемиясы маалында адам өмүрү үчүн абдан зарыл дары-дармектердин баасын айрым дарыканалардын эселеп кымбаттатып жибергени элде катуу нааразычылыктарды жаратты. Ошол учурда бааны көзөмөлдөп, жөнгө сала албаган органдан коомчулук эттин баасын бир калыпка салат деп үмүттөнүшү мүмкүнбү?

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо