Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЗАМАТ БОЛГОНБАЕВ ЖАНА АЗАМАТ ЖАМАНКУЛОВ НАРИСТЕЛҮҮ БОЛУШТУ

№929 24-30-сентябрь, 2020-ж.

21-сентябрь күнү төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаевдин жубайы Жайнагүл Жекшенбекова төртүнчү баласын жарыкка алып келди. Жубайлар буга чейин 2 кыз, бир уулду тарбиялап келишкен. Жагымдуу жаңылыгы тууралуу Азамат мырза буларды билдирди:

– Кызымдын салмагы 4 килограмм, бою 53 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Үй-бүлөбүз менен кеңешип, кызымдын атын Айгүл койдук. Айгүл нукура кыргызча, жакшы ат. Андан тышкары бизге төрөт учурунда жардам берген Айгүл деген эжебиз бар, өзү медицина кызматкери. Ошол эженин атынан улам да Айгүл деген ысым ыйгарууну туура көрдүк.

Ал эми 23-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун жубайы Нуржамал Мамбетова тун наристесин жарыкка алып келди. Алгачкы ирет ата болгон министр жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшүп, буларды айтып берди:

– Кызым 23-сентябрь күнү эртең менен төрөлдү. Эне-баланын ден соолугу жакшы. Наристемди азырынча көрө элекмин. Азыр карантин болуп ооруканаларга киргизбейт да. Кызымдын атын чоң атасы коёт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо