БИР БҮРКҮМ. ШАЙЛООГО 121 ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУ КӨЗ САЛАТ...

№929 24-30-сентябрь, 2020-ж.

  • 4-сентябрда 1000 доллар пара алып жатып кармалган УКМК кызматкери 4-ноябрга чейин №1 СИЗОго киргизилди.
  • 23-сентябрга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 45 630 адамды түзсө, анын 41 904ү айыгып чыкты.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө жарлык чыгарды.
  • Ат-Башы районунда 3 адамдан сибирь жарасы аныкталды.
  • Патрулдук милиция: “Бишкекте 1 суткада – 21-сентябрь күнү 871 айдоочу жол эрежесин бузду”.
  • 2020-жылкы парламенттик шайлоого 26 өлкөнүн атынан 121 байкоочу көз салат.
  • 23-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 15,1 миллиард метр куб суу бар.
  • Бириккен Улуттар Уюму шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды берди.
  • Бишкектин тургундарынын таза суу үчүн мэрияга карызы 21-сентябрга карата 132 миллион сом экени айтылды.
  • Финпол: “Патентти мыйзамсыз берүүгө шектелип Бишкектин Ленин райондук салык башкармалыгынын жооптуу кызматкери кармалды”.
  • 2020-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы 47 миллиард 990 миллион 800 миң сом салык төлөмдөрүн чогултканы айтылды.
  • Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчылыгына 6-октябрда кайрадан шайлоо өтөт, 21-сентябрда өткөн шайлоону БШК жараксыз деп тапты.
  • 2020-жылы өлкөдөгү жолдорду жана көчөлөрдү капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен 355 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо