№930 1-7-октябрь, 2020-ж.
Испания чемпиондугунун 3-турундагы беттеште "Атлетико Мадрид" «Гранада» футбол клубун 6:1 эсебинде утуп алды. Жакында эле «Атлетико Мадрид» клубуна өткөн 33 жаштагы уругвайлык чабуулчу Луис Суарес алгачкы оюнунда дубль жасап, 1 голдук пас чыгарып бергенге жетишти. Суарес беттештен кийинки эмоциялары менен төмөнкүдөй бөлүштү: «Бул абдан жакшы башталыш. Мен «Атлетико» үчүн мындай дебют жасаганыма кубанычтамын жана үч упай топтодум».
Сиздер билгендей, уругвайлык чабуулчу 24-сентябрда каталондук "Барселона" клубунан "Атлетико Мадрид" футболдук клубуна өткөн. Суарес "Барселонада" 2014-жылдан бери ойноп келген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |