КОРООНУН КӨРКҮ – ГҮЛ: РОЗА ГҮЛҮН БҮГҮН ТИГИП КОЮҢУЗ!

№930 1-7-октябрь, 2020-ж.

Күз – гүлдөрдүн ханышасы розаны короого тигүү үчүн идеалдуу мезгил. Бул үчүн учурдагы аба температурасы, топурактын азыктарды кабыл алуусу жана нымдуулугу да шайкеш келет. Жайдын күнү короодогу гүлдөрүңүз менен конокторду суктандырам десеңиз, бүгүн роза тигип коюңуз.

ЭМНЕЛЕР МААНИЛҮҮ?

Биринчи үшүк жүргөнгө чейин отургузуп жетишүү маанилүү. Бул арада жаш көчөт топуракка орноп, бир аз тамырлаганга жетишип калат. Мунун негизинде роза кыштан жакшы чыгат.

Кымтылап жапканды унутпоо керек!

Роза тамыр алып калуусу үчүн көчөт тиккен маалда абанын температурасы +10, +15 градус болуусу шарт. Ал эми түнкүсүн +5 градустан төмөн болбоосу керек. Мындай шартта роза жакшы тамырлап, ал эми бүчүрлөрү жазга чейин жакшы “уктайт”.

ОТУРГУЗУУ ЖАЙЫН ДАЯРДОО

Розалар өздөрүн күнөстүү жана шамалдан далдоо жерлерде жакшы сезишет. Ошондой эле өсүмдүккө жакшы дренаж камдоо маанилүү.

Розалар тилкеси бийик бак-шактуу жерден же үйдүн дубалына жакын жерден орун албашы керек. Анткени бул гүл көлөкөнү көп сүйө бербейт.

Топурактын курамында азыктандыруучу минералдар болушу шарт. Ошондой эле топурак чым эмес борпоң, нымдуу жана азыктандыруучу катмары (роза тамырлаган тереңдиги) 40 сантиметрден кем эмес болушу керек. Жер азыктанбаган болсо, малдын кыгы, өсүмдүк чириндиси сыяктуу заттар менен азыктандырыңыз.

ОТУРГУЗУУ

1. Жерди диаметрин 40 сантиметр, тереңдигин 50-70 сантиметр кылып казабыз.

2. Түбүнө сынган кыштын майдасын же шагыл, керамзиттен салып дренаж жасайбыз. Андан соң азыктанган семиз топурак салабыз.

3. Розанын көчөтүн отургузабыз.

4. Айланасында калган боштукту чуңкурду казгандан чыккан топурак менен толтуруп коёбуз. Жердин кыртышына карап ага кара топурак же өчкөн оттун күлүнөн 1 килограммдай аралаштырып койгон оң.

5. Топуракты түздөп, көчөттүн айланасын бир аз таптап, 1-2 чака суу менен сугаруу керек (топурагын тешпей, чачыратып сугарыңыз).

6. Роза тамырлап калганда күзүндө жүрүүчү үшүктөн тамыры үшүп кетпеши үчүн көчөттү чым топурак менен калкалап коюңуз. Бул топурактагы нымдуулукту сакташ үчүн да жардамын тийгизет. 2 аптадан кийин чымды майдалап түздөп салсаңыз болот.

Эскертүү! Эгерде сиз жашаган аймакта абанын температурасы ысык болсо же күтүүсүз күн ысып кетсе, роза бүчүр байлап калышы мүмкүн. Бул коркунучтуу эмес. Сиз болгону суук түшөрү менен гүлдүн түбүн саман төшөп жылуулап коюңуз.

Гүлжан Асанкожоева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
05.10.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Розанын калемчесин сайсак болобу экен же тамырлуу көчөт болушу керекпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо