Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жанета Баялиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “МЕН БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ЖАШООНУ ЧЕЧТИМ”

№930 1-7-октябрь, 2020-ж.

Экстримди сүйгөн, эч нерседен коркпогон айым. Ырчы Жанета Баялиева бул жолу жашоосундагы окуялар менен бөлүштү. Мага анын “ар бир ырчы тойдо эмес, чоң сахнада ырдасам дейт” деген пикири жакты. Ал эми сизге кайсы пикири жагат болду экен, окуп көрүңүз.

– Саламатсызбы, акыркы жарым жыл жалпы элге оор болду окшойт. Сизге да оор болдубу?

– Саламатчылык, ооба, дүрбөлөңгө түшүп, корккон учурларым болду. Бул убакта кайрымдуулук иштери менен алек болдум. Үй-бүлөм, бир туугандарыбыздын атынан жардам бердик. Анан акын Бердибек Жамгырчиевдин "Жүрөгүбүз Кыргызстан” деген ырын жаздырдым. Мекен тууралуу аябай жакшы ыр, жакында чыгарам деп турам. Көп убактымды көр тирилик менен алпурушуп, акча тапканга жумшачу экенмин. Карантин учурунда балдарым менен көп убакыт өткөрдүм. Ата-энеме көңүл бурдум. Ойлосом баарыбыз эле көр тирилик менен жүрүп калган окшойбуз, бул да болсо Жараткандын “жакын адамдарың менен чогуу күн өткөр” деген билдирүүсү болду окшойт.

– Балдарды жалгыз бой багуу да оор болсо керек?

– Оор болот. Муну жалгыз бой энелер билет болуш керек. Керек нерсесин алып берип багасың, кем-карчысын толуктайсың, бирок баланын жүрөгүндөгү башка бир кемтикти, атанын ордун, тилекке каршы, толуктай албайт экенбиз. Ажырашуулар азыр көп болуп жатат, ортодо балдар каралбай, жүрөктөгү өксүк менен чоңоюп жатканы кейитет. Жүрөк ооруйт. Балдарым чоңоюп калышты. Экөө тең студент. Кызым 18 жашта, психолог болом деп окуп жатат, уулум программист адистигинде окууда. Буюрса, чоңойтуп алдым. Азыр мага акылын айтып, жөлөк-таяк болуп калышты. Кызым кичине кезинде ырдап жүрчү, бирок кийин башка кесипти тандады.

– Ырчы болуп чыгышыңызга айрымдар балдарыңыздын атасы себепкер болгон дешет. Эгерде тагдыр ага жолуктурбаса деле ырчы болмоксузбу?

– Мен 9 жашымдан баштап ырдап чыктым. Таякем Атайбек Бөдөшов, таажеңем Каныкей Эралиева мени 9 жашымда ата-энемдин уруксаты менен гастролго алып кетишкен. Эсиңерде болсо, мурун “Байкем, эжем жана мен” деген балдар көрсөтүүсү бар эле, ал берүү “Бүлдүркөн” деген ыр менен башталып, аяктачу. Аны мен ырдачумун. Көп каттар келчү. Ошол убакта кичинекей жылдыз болуп калгам. Биринчи жолу чоң сахнага чыкканым эсимде. Алып баруучу менин атымды айткандан кийин сахнага чыгышым керек эле. Кичинекеймин да, сүрдөп чыга албай турсам аркамдан ырчы Шахрезада Аскарова эже келип түртүп жиберсе чуркап чыгып кетип жатпаймынбы (күлүп). Ошентип чыгып ырдагам. Кийин эң мыкты режиссёр менен ал ырга клип тарттык. Мектепти бүтүрүп Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, окуп калдым. Мен өзүмдүн талантымдын күчү менен ырчы болгом. Талантым болбосо, эл аралык фестивалдарга барбайт элем. 15 өлкөдө кыргыз элинин атын таанытып жүрдүм. Негизи эле биздин учурда чыныгы таланттар тандалчу. Азыр стилин оңдоп, кооз кийинтип, боёнтуп койсо эле ырчы болуп жатышпайбы. Биздин учурда андай нерсе элге өтчү эмес. Жандуу үн менен ырдачубуз. Азыр деле жандуу ырдагандан ырахат алам.

– “Ырчылар фестивалдарга, гастролдорго чыкпай, той менен чектелип калышты” деген ойго кошуласызбы?

– Башка мамлекеттерде ырчылардын чыгармачылык менен алек болушуна шарт түзүлгөн. Бизде болсо каражатты тойдон таап калышты. Эгерде шарт түзүлсө, ар бир ырчы чоң сахнага чыгып ырдаганды кааламак. Бул ырчылар үчүн бакыт. Анткени ошончо көрүүчү сен үчүн келип, сени карап отурат. Ал эми той арга жоктун иши. Ал жерде үнүң ачылбайт, ырахат ала албайсың. Сен ырдап жатсаң башкалар тамак жеп отурушат. Тойдо ырдап үй-бүлөнү багыш керек. Бирок ырчынын жан дүйнөсү чоң сахна деп турат.

– Балдарыңыз чоңоюп калыптыр, жеке жашооңузду ойлогонго убакыт келди деп ойлобойсузбу?

– Мен балдарыма жакшы билим берүүгө, турмуштарын бир нукка салганга жардам беришим керек. Өзүм тууралуу ойлонбойм деле. Экинчи планда деп коюшат го, бирок жеке жашоом экинчи планда да жок.

– Алар өз турмушу менен кеткенде жашоону ойлойм дейсизби? Кеч болуп калбайбы?

– Билбейм (күлүп).

– Бул жашоону жаңы барактан баштагандан коркуубу же балдар үчүн курмандыкпы?

– Коркуу деле эмес го, даяр эмесмин. Курмандык деле эмес, болгону мен балдарым үчүн жашайм деп чечтим. Өтө баласаакмын.

– Балдарыңыздан башка жашооңузда эмне бар? Хоббиңиз барбы?

– Мен тамак жасаганды аябай жакшы көрөм. Торт, таттууларды жасагандан ырахат алам. Анан үйдө аз эле нерсе болсо деле сонун кылып тамак жасап коймоюм бар. Андан тышкары спорттун экстремалдык түрүн жакшы көрөм. Парашюттан секиргенди, кышында лыжа тепкенди, ат чапканды жакшы көрөм. Эсиңерде болсо, 2009-жылы “Жылдыздар манежде” аттуу долбоордо биринчиликти албадым беле. Эң оор трюктарды “без страховки” жасагам. Ат үстүндөгү трюктарды жасаган жигитовкада да эң жогорку балл алгам. Жашоомдо мына ушундай нерселер бар. Негизи мен жашап өткөн ар бир күнүмө шүгүр дейм. Кыялымдагы ырчы болдум, балдарым сүйүүдөн жаралды, жакындарым, ата-энем аман-эсен. Эч нерсеге өкүнбөйм. Ажырашып кеткенден кийин бардык аялдардай эле стресс болгом. Бирок эки балам мага жөлөк болушту. Эч кимден укпаган акыл-насаатты балдарым айтышты. Стресстен ушул эки балам чыгарды. Алар үчүн ордумдан туруп, турмуш менен күрөшүүгө бел байладым.

– Үч жакшы сапатыңызды айтып берсеңиз...

– Ак көңүл, ачык-айрым, токтоомун.

– Оңдой албай жүргөн сапатыңыз барбы?

– Сезимталмын, жаралуумун, ишенчээкмин.

– Күчтүү болуңуз! Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(14)
05.10.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуууууууу болунуз. Кызыныз,уул баланыздын жакшылыгын корунуз
05.10.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы интервью бериптир, бактылуу бол..
05.10.2020. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун адам,бактылуу болунуз,балдарыныздын урмат-сыйын корун,жеке жашоонузду да унутпаныз
05.10.2020. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул айым абдан сулуу айым да. Кыргыздын кыз- келиндери ушундай сулуу келбеттуу татынакай болуп журо бергиле. Кыз келиндердин Чачтарын кое берип, жасанып жургону кандай сонун. Козго да сонун корунот. Жанеттанын прическасы озуно эн сонун жарашат экен. Бизде сулуу айымдар коп болсун.
05.10.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанета азамат. Прическан жакты. Дайыма карап журом, чач жасалгаларын мыкты кылып, кое берип жасанып журот. Эркек киши дайыма аял кишинин сырткы келбетине биринчи конул болот. Ошондуктан аял заты дайыма чачын жасатып, кое берип, жарашыктуу, модный кийим кийинип жургону жакшы. Сулуулук дуйнону сактайт. Бар болгула айымдар.
05.10.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанета красавица.
06.10.2020. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир эле адам уч торт аккаунттан жазганбы
08.10.2020. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Targarien,Аккаунтту озгорткону менен жазганынан билинип туратго.Чачтарын кое берип деп эле журот.
06.10.2020. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат.байкебиз баалай албай койдууу.женем супер келин эледа
06.10.2020. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанета просто красавица
07.10.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурда жаш кезекте козумо аябай башкача корунуп суйчу элем эжени
07.10.2020. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуусуз
08.10.2020. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздей сулуу айымды баардыгы эле карап олтургусу келет.
10.10.2020. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула,!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо