ӨЛҮМГӨ БАЙЛАНЫШКАН ТАҢ КАЛЫЧТУУ САЛТ-САНААЛАР

№930 1-7-октябрь, 2020-ж.

СӨӨК КӨМҮЛБӨЙТ

Индонезиянын Түштүк Сулавеси тоосунун аймагында жашаган торажан этникалык калкында “Сөөктү тазалоо” деген түшүнүк бар. Бул майрам учурунда жашоочулар өлгөн туугандарынын сөөгүн казып алып тазалап, ага жаңы кийимдерди кийгизип, коомчулуктун назарына коюшат. Бул таң калычтуу ырым-жырым 100 жылдан бери жасалып келет. Бул ырым-жырым үч жылда бир ирет жасалат.

Көзү өтүп кеткен жакын адамы менен кудум ал тирүүсүндөгүдөй бирге жашап келген адамдар жок эмес. Тактап айтсак, Индонезияда каза болгон жакындарын көмүшпөйт. Алар маркумдун сөөгүн үйгө коюшат да, эч нерсе болбогондой мамиле жасашат: жуунтушат, кийинтишет. Маркумдун денеси бузулуп кетпеши үчүн формалиндин жардамы менен сакташат.

МАРКУМДУН БАШЫН ҮЙДӨ САКТАШАТ

Тынч океандын борбордук бөлүгүндө жашаган Кирибат улутунун өкүлдөрү христиан дининин эрежелерине таянышат. Бирок маркумдун сөөгүн жерге берүүдө XIX кылымга чейин “башты сыйлоо” ырым-жырымдарын жасап келишкен. Адам өлгөндөн кийин аны сыйлап сөөгүн 3 күндөн 12 күнгө чейин үйдө сакташкан. Дене жагымсыз жыттанбаш үчүн түрдүү жалбырактарды жана жыттуу каражаттарды колдонуп, мурдуна, оозуна жана кулагына гүлдөрдү салып коюшкан. Ал эми сөөктү жерге бергенден кийин бир нече убакыт өткөн соң көрдү казып, баш сөөгүн алып, үйдүн көрүнүктүү жерине коюшкан. Аны менен бирге тамактанып жана жанына кошо алып жүрүшкөн. Арадан бир нече убакыт өткөн соң башты кайра көмүп салышкан.

СӨӨК МЕНЕН БИЙЛӨӨ

Мадагаскар аралынын жашоочуларынын сөөк менен бийлөө ырым-жырымы бар. Бул салт “Фамадихана” жана “Сөөктү айлантуу” деп аталат. Бул майрам жети жылда бир белгиленет. Майрамдык салт-санаа жүргүзүлгөн учурда тургундар жакындарынын сөөгүн казып алып, кепинин алмаштырышат да, андан соң бийлешет. Бул учурда музыка ойноп турат жана маркумдардын жакындары курмандык чалып, келгендерди сыйлашат. Мадагаскарлыктардын ишеними боюнча, алар ата-бабаларынын органдарынан пайда болушкан. Бул ырым-жырым XVII кылымдан бери жасалып келет.

ӨЛГӨН АДАМДЫН ЭТИН ЖЕШЕТ

Тынч океандын Түштүк Батышында жайгашкан Папуа-Жаңы Гвинея өлкөсүндө адамды эстен тандыра турган ырым-жырым бар. Алар өзүнүн көз жумган жакынынын этин жеп алышат. Бул маркумга болгон сый-урматты билдирет. Ал эми тургундар көптөгөн жылдар бул жөрөлгөнү жасап, өлгөн адамдын күчүн өзүбүзгө сиңирип алабыз деп ишенип келишет.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(9)
05.10.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Куда сактаааа Бир эле Мусульманча комгон кандай жакшы
06.10.2020. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jibakana,куданыз сизди сактай албайт. Кудай сактайт. Куда сизге ким экенин билесизби?
05.10.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактааа
05.10.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мусульман болгонума 1000шугур
05.10.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
АстагфируЛлах
05.10.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудайым ааай. кандай жийиркеничтүү элдер. Тооба тооба. Мусулман болуп жаралганыма чексиз шүгүрлөр
05.10.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайыма шүгүр мусулман болуп калганыма
06.10.2020. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жараткан Аллахым мусулман кылып жаратканына озуно мин мерттебе шугурлор айтам.
Egizderim-baktim түзөттү 2020-10-06 00:50:48
10.10.2020. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
теңирчилер деле калышпайт булардан. теңир эле теңир дешет анан эле мусулманча көмүшөт.чыныгы тенирчилер өлгөн адамды кузгундарга жем кылып, кузгундан ашкан сөөктөрүн алып калышып ошого сыйнышкан.теңирчилер теңир ким экенин деле билишпейт. Келин деген казакча кинодо теңирчилер кантип өлүктү жок кылышат көрсөтүлгөн.арстан алайды кудай деп чыгышты современный теңирчилер. Так что эч кандай манастан аян келбейт. Эч кандай арстан алай кудай эмес. Көзүңөрдү ачкыла
Tyty1990 түзөттү 2020-10-10 22:09:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо