Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЕН БУЛ ЖӨНҮНДӨ ЭРТЕҢ ОЙЛОНОМ

№413 1-7-октябрь, 2010-ж.

Аңгеме

Сүйүү, кызганыч – ар бир адамды кыйгап өтө албаган сезимдер. Мына ушул сезимдер камтылган аңгемелердин бирин www.super.kg сайтындагы форумдан сунуш кылабыз.

Эшикте жамгыр себелеп турган экен. Кафеден чуркап чыгып кыйкырган курбусуна да карабастан, Айзирек машинасын катуу айдап кетти. Кайда, эмнеге кетип жатканын өзү да түшүнгөн жок. Бир убакта эсине келгенсип машинаны токтотту да, эки жагын карап алды. Баягы көнгөн Ала-Арчанын жолу экен. Кыйналганда, сүйүнгөндө ушул тарапты көздөй айдап жөнөйт. Негедир Ала-Арчанын абасы, табияты башкача таасир тийгизер эле.
Айзиректин оюна көп нерсе келди. “Ушуну менен биздин мамилебиз, сүйүүбүз бүттүбү?” деп өзүнөн сурай берди. Бир убакта бир нерсени эстегенсип жылмайып алды. Ошол окуялар учурдагыдай көз алдына тартылып жатты...
– Мени жакшы көрөм дейсиң, бирок качан болсо башка кыздарды карай бересиң,- деп келинчеги күйөөсүнө эркелей карады.
– Чын айтамын, жаным, эч эле ишенбейсиң да мага, үйлөнгөнүбүзгө 10 жыл болуп калды го, кызганганыңды токтотсоңчу?! Болдучу, кыйнабачы мени. Айтпадым беле, эгер мен бирөөнү сүйүп калсам, өзүм биринчи сага айтам деп.
– Кызганган деле жокмун, эгер сүйүп калсаң, чын эле аны мага көрсө­төсүңбү?
– Ооба, жаным… Бирок… сен туура шекшип жатасың. Азыр моюнума албасам болбойт го. Бир кызды жакшы көрүп калдым, каалайсыңбы, бүгүн тааныштырайын?
Айзирек бетине муздак суу чачкандай жаман болуп кетти. “Өзүм сурандым. Эмнеге сурандым? Эмне кылам эми? Ал менден жаш, сулуу болсочу?..” деп бир секунддун ичинде көптөгөн ойго камалды.
Бөлмөсүндө кийим тандай албай көпкө турду. Андан соң “кайсы атырды колдонсом?..” деп дагы ойлонду. Жашы 30га барып калса да, 2 баланын энеси болгон Айзиректин келбети, дене-мүчөсү турмушка чыга элегинде кандай болсо, дагы эле ошондой сакталган.
Экөө кол кармаша үйдөн чыгышты. Жол бою жолдошу сүйлөп баратты, Айзирек анын эмне жөнүндө сүйлөп бара жатканына маани да берген жок. Кафеге бир чети шашылса, бир чети бат эле жетип калуудан коркуп турду. Кирип тамак заказ кылышкан соң Айзирек кайра-кайра артын карай берди. Аны байкаган өмүрлүк жары “азыр келип калат, көпкө жасанчу эле” деп ого бетер бүйүрүн кызытып жатты.
Бир сааттай отурушуп, тамагын жеп бүтөйүн деп калган учурда күйөөсү ордунан тура калды. Көрсө, Айзиректин артында татынакай, колунда чоң букет гүл кармаган кыз туруптур. Кыздын сулуулугуна таң калып, эмне кыларын билбей турган учурда кыз гүлдү Айзирекке сунуп, дагы бир оролгон нерсени жолдошуна берди. Ал кызга рахмат айтып, акча сунду. Айзирек болгон ишти түшүнбөй туруп калды. Жолдошу жылмайып, Айзирекке “оролгон пакеттеги күзгүнү алып чыгып кара” деди. Жанына келип бетинен сүйүп, “мына, күзгүдөгү сулуу – менин сүйгөн жарым” деп кучагына бек кысты.
"Эми… Ошол убактан бери 10 жыл өттү, мамилебиз ошондой эле калгансыйт…" Бирок бүгүн өз көзү менен көргөн окуя… Жок, ишенгиси келбеди. “Эмнеге? Ал башка бирөө менен… Менден эмне күнөө кетти?” деген ойлор мээсинде сааттын жебесиндей тыкылдап жатты.
Айзирек бүгүн түшкү тамактануу учурунда курбусу менен жолукмак эле. Курбусу келгенче ээн-эркин отуруп сүйлөшүүгө ыңгайлуу орундукту ээлеп отурду. Жолдон сатып алган гезитти окуп отуруп, арт жагынан тааныш үндү кулагы чалды. Бурулуп карагандан уялып, ордунан жылбай катып калды. Ишенгиси келген жок. “Жок! Ал болушу мүмкүн эмес… Жана эле телефон аркылуу сүйлөшүп, жумушунда тамактана турганын айтпады беле. Окшош үндөр боло берет, мени алдамак эмес...” деп өзүн жооткотуп, күйөөсү экенине ишенгиси келбей турду. Айзирек чыгынып туруп артын карады. Балдарынын атасы бир чоочун кыз менен кучакташып, өбүшүп жатканын көргөн Айзирек өз көзүнө ишенбей, жүрөгү селт этти…
Көпкө ойлонду, карагайларды аралап жүрүп мээси чыңалгыча ойлонду. Акыры бир чечимге келди. Жолдошу өзү айтмайынча көргөнүн билмексен болуп коймой болду. Кантсе дагы балдары бар ортодо, жакшы ата, балдарын абдан жакшы көрөт. Жумушуна кылдаттык менен мамиле жасаган таланттуу журналист. “Эркек кишинин жаратылышы ушундай болуп жаралып калса, биз эмне кыла алабыз?” деди өзүн алдап. “Мындайга эмне түрткү болду? Жумуш деп керелден кечке талаада жүрүп, бир нерсени байкабай калдымбы? Билбейм… Убакыт көрсөтөр, туура таразалап, бардык нерсени өз ордуна коёр” деп, үйүн көздөй жөнөдү.
Айзирек машинада жакшы көргөн ыры жаңырып жатканын эми байкады. Ырдын таасириненби, эмнегедир жакшы маанай менен "мен бул жөнүндө эртең ойлоном" деп, машинасын катуу айдаган боюнча Бишкекти көздөй жол алды…

AeCHka,15.07.2010


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(10)
02.10.2010. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуя эч кимдин башына келбей эле койсун. Баарыбыз тапкан жарыбыз менен бирге бактылуу омур суролу.
03.10.2010. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardik erkek bul jolgo barat, e4 eregiwpei baldarga jakwi tarbiya berip,aldiga umtuluu menen gana jawoo kerek,erkek ketse jawoo toktop kalbait.
03.10.2010. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arasynda andai jolgo barbagan yimanduu, ui-bulosun daiyma 1-orunga koigondor dele bar.
04.10.2010. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аечка, аңгемеңдин гезитке жарыяланышы менен куттуктаймын!
06.10.2010. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбойм, убагында ошол айымга кол сунуп, мен сени менен туболуктуу болом, сени эч качан кор кылбайм, кыйнабайм, сени гана суйом, омур бою суйуубузду бек сактап бактылуу жашайбыз деп соз берген болуш керек. негизи эле ар бир адам ойлонуп туруп иш жасаш керек да, ал адам деле
06.10.2010. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Барс, эгер сиз "бытыгый ангемелер",-деп тема ачпаганынызда чыгат беле ушундай ангемелер,аны бир Кудай билет.
Zvezda айтмакчы,мындай жолго барбай,туз жургон жигиттерибиз жок эмес,бар. Негизи эле кызбы,эркекпи...ыйман берсин баарына, озун кана ойлобостон жанында жургон
07.10.2010. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ангеме, "күзгү" менен болгон окуя жакты озгочо. Турмушта колдонуп корсо болчудай...
07.10.2010. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir jakwi taaniw adamimdin turmuwuna okwop ketet eken...okup 4igip i4imden bir kizik sezimder sizip ottu.jilmayip aldim,jinim keldi.men da turmuw joluna jani gana attangam.birok bir ne4e jildan kiyin kanday boloorun Kudaydan bolok e4 kim bile albayt.albette biz-ayaldar, uy-buloo,bala 4aka dep but omurubuzdu berebiz.Tilekke karwi kee bir erkek kiwileribiz ani baalap tuwuno bilbeyt!!!bizdin ayaldar baktiluu jawoogo tatiktuu!!!
07.10.2010. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jana zvezdanin sozuno toluk kowulam!!!anday adamdar arabizda bar.iymanduu-insaptuu kuyoolorubuz da bar bolsun!
22.10.2010. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакты кузгу, бул жакта кыскартылып жазылыптыр, форумда толугу менен бар экен ушул ангеме.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо