№932 15-21-октябрь, 2020-ж.
Дүйнөлүк күрөш уюму UWW'нин маалыматы боюнча, бул жылкы чоңдор арасындагы мелдеш Сербиянын борбор шаары Белградда 12-20-декабрь күндөрү өтөт.
UWW’нин Аткаруу комитети Дүйнөлүк чемпиондуктун өткөрүлүшүн улуттук федерациялардын 70 пайыздан ашыгы кабыл алгандан кийин бекиткен. Бюро 6-ноябрда чогулуп, коронавирус пандемиясынын уланып жаткандыгына байланыштуу иш-чарага киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулашарын айтты.
Күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугу бир жума мурун өткөрүлмөй болду. Улуттук федерациялар турнирге катыша турган катышуучулардын санына тынчсыздануусун билдиришти.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |