Бир тууганы киши колдуу каза болгон айым: «ИНИМДИ КЕЛИНИБИЗ БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН, АЛ ӨЗ ЖАЗАСЫН АЛЫП ЖАТАТ»

№932 15-21-октябрь, 2020-ж.

Өткөн саныбызда күйөөсүнүн өлүмүнө айыпталып тергөө абагында жаткан кош бойлуу келин тууралуу жазганбыз. Маркумдун туугандарына байланыш болбой, бирок алардан да маалымат алып беребиз деген элек. Бул ирет окуянын экинчи тарабы, тактап айтканда, каза болуп калган Саматтын бир тууган эжеси менен жолуктук. Ал келини учурда татыктуу эле абакта отурганын жана ал инисине бычак сайганы сотто далилденгенин айтып, окуяга токтолду.

“БИР ТУУГАНЫБЫЗДЫН ТАНДООСУН СЫЙЛАГАНБЫЗ”

– Биз үй-бүлөдө 4 бир тууган болчубуз. Иним 28 жашында бизди таштап кетти. Үй-бүлөбүз бул жылы эки чоң оор жоготууга учурадык. Атамдан айрылдык, андан кийин жөлөк болчу, бир чети эркебиз, эң кичүү инибиз киши колдуу каза болду.

Мен да окуяны башынан баяндап берейин. Силерге келинибиз укмуш калптарды токуп айтып бериптир. Бизди тааныгандардын баары ким күнөөлүү, ким калп айтып, ким чын айтып жатканын билет. Ошентсе да эл билсин, биз кош бойлуу келинди жөн жерден күнөөлөп жаткан жокпуз. Ал буга чындыгында күнөөлүү!

Самат Айнура менен таанышкандан кийин бат эле “алам” деп калыптыр, эмнеге андай тез чечим кабыл алды билбейм. Биздин үй-бүлөдөгүлөр бири-бирибиздин тандообузду сыйлайбыз. Макул деп тандаган түгөйүнө үйлөнттүк. Мурда турмуштан ажырашкан экен, үйгө бир кызы менен келди. Биздин бала да бир жолу үйлөнгөн, баласын апам багат. Теңин тапты, бактылуу болсун деп келинибиздин көзүн карап, ашыкча сүйлөбөй эркин койдук. Саматтан башкабыз баарыбыз тең үйлүү-жайлуу, ар кимибиз өз үйлөрүбүздө өзүнчө жашайбыз. Саматтан улуу иним да үй-бүлөлүү, там салып өзүнчө кеткен. Андыктан атамдардын үйү Саматтыкы деп энчилеп, анын баласына белек кылып, ошого каттатып коёлу дешкен экен. Ошол идея жакпай калганбы, айтор, келинибиз жөн жерден чыр чыгарып, “бул үй баары бир бизге калбайт турбайбы, биз кетебиз” деп баштады. Ошол учурда атамдын уйку безинен онкологиялык дарт табылып, ооруп жүргөн. Баарыбыз тегеректеп, болгон аракетибизди жумшап айыктырып алалы деп бүт көңүлүбүз атабызда болуп жаткан. Үйгө да ооруну көрөбүз деп киши-кара көп келчү, анын үстүнө бир туугандар атабызды кезектешип карап, бакчубуз. Көрсө, ошентип үйгө көп киши келгени ага жакчу эмес экен. Кыскасы, көрүнгөн шылтоону айтып жатып эле жүктөнүп алып, Саматты ээрчитип кетип калды.

“САМАТ ӨЗГӨРҮП КЕТТИ”

– Самат ушул келинди алгандан бери аябай өзгөрдү. Өзү шайыр, ачык-айрым, дегеле кишиге жамандыгы жок жан болчу. Айнура менен жашап баштаганы өзүнүн пикирин жоготуп эле айдаган жагына кетти. Мунун себебин үй-бүлөсүн сактап калгысы келип жатат го, улам эле төшөк жаңырта бербейин деп баарына макул болуп жашай берейин дегени го деп түшүндүк. Өзүнчө батирге чыгып кеткенден кийин бизге чалып, атамдын абалын сурап жатты. Ошондон 4 күндөн кийин атам оорусунан жакшы боло албай каза болуп калды. Апам кара кийип, баарыбыз аза күтүп отурсак келинибиз дагы кетебиз деп чыкты. Чарчап кеттим деген шылтоосу экен. Мен аны байкап калдым. Иним “чыдачы, бир аз, аз калды, жетилигин өткөрүп алалы” деп тим эле чыйпылыктап жатыптыр. Көрсөк көрмөксөн, билсек билмексен болуп, Саматты сыйлаганыбыз үчүн баарына көз жумуп унчукпай келдик. Атамдын кыркын өткөрдүк. Иним үй-бүлөсү менен жашап жаткан батирине кетти.

Атам көзү тирүүсүндө баштап, тургузуп койгон пескоблок чыгаруучу бизнеси бар. Аны бир туугандарым улантып, ошону менен баарыбыз жетиштүү тиричилик кылабыз. Иним ошого кол кабыш кылып, улантып, үй-бүлөсүн багып жүрчү. Бул келинге эмне жетпеди, эмнеге азап тартып батирледи билбейм. “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” болду окшойт. Саматты сыйлабасын, ага материалдык жыргалчылык керек болгонун кийин түшүнүп жатабыз.

“ВРАЧТАР ЭРТЕ АЛЫП КЕЛГЕНДЕ САКТООГО МҮМКҮН БОЛМОК ДЕШТИ”

– Атамды жоготкондон кийин апамдын да жүрөгү ооруп калды. Үйгө куран окутуп киши-кара келип-кетип жатты. Күйүт басыла элек күндөрдүн биринде чоочун номерден Айнура чалып, “батыраак ооруканага келгиле, Самат кырсыктады” деди. Ойго кантип жамандык келсин? Биз аны жеңил жаракат менен эле деп түшүнүптүрбүз. Барсак инимдин абалы оор экен. Дарыгерлер бизди көрүп, “силер кимсиңер? Чоочун адамдарга кирүүгө болбойт” дешти. Биз “бир туугандары болобуз, эмне болду, түшүндүргүлөчү?” десек, “келинчеги күйөөсүнүн эч кимиси жок экенин айтып, 4 күндөн бери өзү карап жатат” дешти. 4 күн?! Биз айран таң калдык. Эмнеге ага бычак сайып коюп 4 күн бою бизден жашырат?

Көрсө, окуя мындайча болгон экен. Инимдин айтымында, акыркы учурлардагы окуялардан улам пикир келишпестик келип чыгыптыр. Ошондо Айнура ашкана бычагы менен жерде ылдый болуп отурган Саматты көкүрөгүнө, өйдөдөн ылдыйды көздөй сайыптыр. Бычак Саматтын өпкөсүн, боорун жана боор этин тешип кетиптир. Мунусу аз келгенсип дароо ооруканага алып жөнөбөй, күйөөсүн жарадар кылып жаткырып коюп таенесине, туугандарына, тааныш милиция, врачтарына чалып бир нече саат кечиктириптир. Ошол учурда Саматтын ичине кан кетип, топтолуп, уюп калган экен. Врачтар “бейтапты эрте алып келгенде сактап калууга мүмкүн болмок” дешти.

“ЭКИНЧИ ООР ЖОГОТУУ”

– Ошентип ооруканадан ызы-чуу болуп эле жатып калдык. Инимдин көкүрөгүнүн баары таңылган, өзү энтигип араң сүйлөп окуяны айтып берди. Ооруп жаткан апама айтууга аргасыз болдук. Самат ошондо берки бир тууган инимди “калчы” деп жанында калтырып, “Айнура жанымда калбай кете берсинчи” деди. Аны кетирдик, ошол күнү абалы начарлап, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн боюнча бизге тирүү кайткан жок. Аны пневмониядан каза болгон деп айтыптыр. Иним ден соолугу сак, жакшынакай иштеп, жүгүрүп жүргөн эле бала болчу.

Экинчи оор жоготуу. Ыйлап-сыктап инимдин сөөгүн да жерге бердик. Алар жашаган батир Бишкектин Ленин районуна карагандыктан, Ленин РИИБине арыз менен кайрылдык. Анткени Самат жандандыруу бөлүмүнө жатып калардан мурун “мени бычак менен сайган аялыма чара көргүлөчү” деп аманат калтырып кеткен. Жазган арызыбызды Ленин РИИБи Саматтын катталган аймагына карап Чүй облусунун Сокулук РИИБине жөнөтүптүр. Тергөө жана соттук иштери ошол себептен Сокулук районуна өтүп, Айнура дагы ошол жакка камакка алынды. Анын инимди бычактап өлтүргөнү сотто далилденди. Прокурор 6 жыл сураганда биз андан көп жылды сурап, 10 жылдан ашык кестирип жиберсек деле болмок. Бирок биз жактоочу да жалдаган эмеспиз, аны инибизди өлтүрсө да аядык. Жактоочусуз деле бардык факты дайын жана далилдүү болгондуктан, жактоочуга муктаждык жок болчу. Курсагындагы баланы ойлогон жок дейсиздерби? Бизге дагы абдан оор, эгер ал инимдин баласы экени чын болсо, түрмөдөн төрөлгөнү өкүнүчтүү. Бирок биз ал күнөөсүз наристени багып алган күндө да, энеси үчүн өмүр бою “биздин бир тууганыбызды өлтүргөн аял төрөгөн бала” деген көз караш менен карап жүрүп өтөбүзбү? Ичиндеги бала төрөлгөн соң аны абакта чоңоюшу да ойлондурат. Социалдык кызматы баланы алып балдар үйүнө өткөрүп, жакшыраак шартта чоңойсо дейт элек. Келинибиз ичиндеги баланы эркиндикке чыгуу үчүн колдонуп жатат деген ойдобуз. Бала андай үй-бүлөдө чоңоюуга татыктуу эмес.

Гүлжан Асанкожоева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
19.10.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кимисине ишенээрин да нбилбейсин . Тиги айтса аныкы туура, бул айтса мунуку туура болуп калат
19.10.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ооруканага тушкондо врачтар сразу эле кабар берет милицияга. Бир туугандар келгиле милиция келбегени тан калыштуу. Бир туугандарына сотко бергиле деген аманаты укмуш экен. Менин тушунуум боюнча келинди кызы менен батырышпаган го, кетууго аргасыз кылышкан. Албетте бир Аллах билет. Даже тороло элек баланы туш келди жерге жайгаштырганы аракет кылып атышат экен. Ыйман, ынсап берсин.
22.10.2020. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Biinura,эч кимиси жок дептир го
19.10.2020. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Менин оюмча да бир туугандары биригип, келинди бекер жерден жалаа жаап каматкан окшойт. Туула элек инисинин баласына кылган мамилесинен байкалат кандай адам экени.
19.10.2020. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
serche,ооба. Мен да ошол жер ин окуганда конулум муздап калды. Келиндин айткандары чындай сезилген
19.10.2020. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул келин баякы 14-февралда супердин түгөйлөр деген тандоосунда 3 орунду алган Альбина го. Супердин номер 903 санында чыккан го.
20.10.2020. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bessmertiy,дал ошол Келин экен
21.10.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayka93, каяктан таап окуп жатасыңар?
20.10.2020. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bessmertiy,ооба ошол келин экен,сен тим эле Шерлок Холмс турбайсыңбы я в шоке дейт беле)))
19.10.2020. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кичинекей төрөлө элек баласын,балдар үйүнө таштасын дейт го...Булар "баш"тан тажагандай.Эне деп ким айтат,даже көчөдө калган баланы көрсөм ,баккым келет.Бирок,кокустук болуп,сайып алгандай...
22.10.2020. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Omyrova,кокустук болсо 3 жерге саябы?
24.10.2020. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omyrova,киши олтурууго алты жыл бериптир, кайра кайын журт аппеляция бербегение суйунсун
19.10.2020. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келинге жалаа жаап жатышатко,иниси болунуп чыгып кетсе алар кемпир чалды карап жашап журсо уйду башка бироого откоробуз дегени кызыкго.Албетте уруш чыгатда келген адамдар келинге жакчу эмес экен деп коет уятсыз
19.10.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келинде күнөө болсо гезитке чыкпайт болчу. Төрөлө элек балага ( өлгөндөн калган эрмек же белек) жасаган мамилесинен эле кандай адамдар экени белгилүү го, тааныбасак деле.
nurka_85 түзөттү 2020-10-19 22:06:33
19.10.2020. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ининер го өлдү кайрылып келбейт, бейишин берсин.Боюнда бар келинди аяп койгулачы, кечиримдүү болгула.
19.10.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оада олгон адам олду бул бешенеда кудайым канча омур берсе ошончо жашайтда жаткан жери жайлуу болсун.Боюунда бар адамга кечиримдуу болгула эгер чындап беле олтургон болсо камабай туруп эле кудайым жазвлап койот. АК ийилет бирок сынбайт Кечиримдуу болгула камаганда не.Ининер кайтып келбейт.
24.10.2020. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tahmina88,не судите судимый будешь
20.10.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайын журу жакшы адамдар эмес экен.Бечара Келин Аман эсен Тороп алсын.
20.10.2020. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атайын олтурбойт эч качан. Келинге ото начар мамиле болгондугу байкалып турат.Үйдү өткорөм десе ким болсо да жини келет да. Келинди убал кылып каматуу зарыл беле?Ошого жеткирген да .Аял дайым күнөөлүү болуусу эмне салтпы ?Төрөлө элек баланы балдар үйүно дегеничи. Өлгөндөн калган белек дешсе жакшы болмок.Тобоо ушунчалык мерез адамдар да болобу?Наристеде эмне куноо?Келинге душмандык кылган беришпедиби?
20.10.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тобоо анчалыкка барбоо зарыл. Наристеде эмне күнөө. Келин бечаранын тагдырын талкалаганынар жетишпейби? Марттык кылып каматпай койсонор болмок.Бар балээни үйдү өткөрөм деп өзүнор баштапсынар
20.10.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым келинге сабыр ,ден-соолук бере кор !Аман-эсен коз жарып алса экен .Кайындарынын коздорун байлык басып калган окшойт .
20.10.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тооба кылдым Садыр Жапаровго абдан ыраазы болуп калдым.Баласын сузгонду каматпай кечирип койду тааныбаган адамды.Бул келин дагы жадаганда сайганда,мерездер.Уканардан боюнда бар экен темболе
22.10.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bema_bema,койчу ай жадаса эле сая бериш керекпи? Кызык экенсиңер! Адам өлтүргөн адамды аяктаганга болбойт.
22.10.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
janym_balam,Туура айтасыз адам олтургонду аябаш керек, бирок келинди кээбир уй булоо абдан кордоп салышат.Бугун айына жеткен келинди куйосу олтуруптур,ушундайларды угуп зээним кейийт
.
22.10.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bema_bema,койчу ай жадаса эле сая бериш керекпи? Кызык экенсиңер! Адам өлтүргөн адамды аяктаганга болбойт.
24.10.2020. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bema_bema,Кичине ойлонуп логикага таянып жазчы??? Озун оюнду тануулай бербей
23.10.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам өлтүргөндөн кийин жазасын алсын. Туура кылышыптыр каматып. Күйөөсү, кайындары жакпаса ажырашып кетиш керек эле, аны бычак менен сайгылабай.
23.10.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жерде жазып жаткандар . Бир адамдын омурун алыш кой кескендей онойбу ? Куйоом жаман эле уйду кататтпай койду деп сайып олтуруш керекпи ? Баланы олтуруп коюп кайра турмого отуруп калдым деп догурунганы болобу? Колуна бычак алып сайганда ойлонуш керек эле да . Кайын журт жаманбы куйоон жаманбы ажыраш дагы кетип кал. Уялбайсынарбы ушуну жазгандан. Силердин бир тууганынарды ушинтип олтурсо эмне кыласынар? Баарыбыз бычактап олтуруп куйообузду боюмда бар деп жыргап журо берели кара топурак менен
24.10.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алты жыл берсе аз бериптир сот, андан да коп берсе болот! Жогоруда комент жазгандар менен ошол соттолгон аялдын бет тырмап актанганына тооба! Куноолуу болгону учун соттоду да. Соттолгонго чейин бир топ процесстен отот тергоо. Дарбыз союп жеп атсам бычак менен озун тартып жиберди дейт! Келесоо адам эле ишенбесе соо адам ишенбейт! Пневмония болуп олду дейт. Анысы да жалган, очный ставка болгондо сот медиктердин чыгарып берген жыйынтыгына созсуз конул бурат
03.10.2021. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куноо эч качан бир тараптан болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо