Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОРЕЙ ЖИГИТТЕРИ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНА АШЫК?

№413 1-7-октябрь, 2010-ж.

Мезгил үнү

“Түштүк Кореяга кыздарды жөнөтөбүз. Түштүк Кореялык жигиттер сиздерди күтөт” деген жарнамаларды көзүңүз чалса керек. Байкаган нерсебизден кыя өтпөй турган журналисттик кызыгуубуз артып, борбордогу нике агенттиктерди издеп көрдүк. Албетте, корейлерге келин болуп жаткан кыздардын баары агенттиктер аркылуу кетишкен жок. Ошол жакка иштеп барып, анан табышып калгандар да бар.

СҮРӨТ, БАКТЫЛУУ ЖҮЗ... БАЛКИМ, ТУЗАКТЫР?
Ар кимден сураштырып, гезиттеги жарнамаларды тизмектеп отуруп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги квартирага келдик. Корей жигиттин жубайы болууну каалаган түр көрсөткөн үчөөбүздү сылык сүйлөгөн кыргыз кызы тосуп алды. Колубузга кыргыз кыздары менен корей жигиттердин үлпөт тоюнда тартылган сүрөттөр салынган альбомду карматты. Барактасак, сүрөттөгү баш кошкондор өтө бактылуу адамдардай сезилди. Жүздөрүнөн сүйүнүч, жүрөктөрүнөн сүйүү чачырап тургандай. Алардын эртеңки күнү кандай болорун, ал эми бүгүнкү күндө кандай турмуш менен күрөшүп жатканын туя албадык, чынында. Мүмкүн, бул жылуу жылмайган жүздөр кыздар үчүн тузактыр. Ушул сүрөттөр, балким, көп кызды “жакшы жашоо бизде” деп Кореяга жол тарттыргандыр, балким, келечегин бырчалагандыр...
Бир ирет барактап чыккандан кийин “ортомчу жеңе” минтип сөз баштады.

– Мен силерге кыскача түшүндүрө­йүн. Биздин иштегенибизге 5 жыл болду. Үй-бүлө күткүсү келген корейлер ай сайын келишет. Мисалы, кечээ экөө үйлөнүп, Кореяга кетишти. Эртерээк келсеңер, силер дагы тандоого катышып калмаксыңар. Азыр жазылып койгула. Алар келген сайын силерди чакырып турабыз. Өзүңөр таанышып, сүйлөшөсүңөр.
– Тандоо укугу аларда эле болобу?
– Жок, силер деле тандайсыңар. Силер жактырып, бирок жигиттер башканы тандаса таарынбай эле койгула.
– “Жалаң картаңдар келишет” деген чынбы?
– Отуздан ашкандар келет. Анткени биздин кызмат кымбат. 25 жашка чейинкилер жаңы эле окуусун бүтүп, иштеп жаткан болушат. Алар ата-энеси эле бай болуп бул жакка кыз издеп келишпесе, келе алышпайт. Бул жакка келгендер үй-жайы, банктагы эсебинде акчасы барлар.
– Биринчи аялы эле болуп барабызбы?
– Ал жакта көп аялдуулук жок. Келгендердин арасында ажырашкандар, үйлөнө электер бар. Жагып калсаңар, дароо эле үй-бүлөлүк шартын түшүндүрүшөт. Мисалы, “карыган ата-энем менен турам, сен бакканга даярсыңбы?” же “балам бар” деп айтышат. Алардын көбүнүн ата-энеси карыган. Анткени алар көбүнчө кеч үйлөнүшөт.
– Кыргыздын каадасы кылып ата-энебизге калың беришеби?
– Айрым жигиттер дароо эле ата-энесин ээрчите келишет. Ээрчите келгени да, келбегени да издегенин тапкандан кийин кафеге кыздын 30-40 тууганын чакырып той өткөрөт. Ошондо калың катары ата-энесине 1000 долларга жакын акча берет.
– Силерден кеткен кыздар кандай жашап жатышат?
– Менин иштегениме бир жарым жыл болду. Бул убакыт ичинде 5 кызды узаттым. Бешөө тең жакшы жашоодо.
– Эки жигит үйлөнүп, кечээ кетти дедиңиз, алар кыздарды өздөрү менен кошо алып кетиштиби?
– Виза жок кантип алып кетишмек эле? Бул жактан кадимкидей ЗАГСка турушат, ошол күбөлүк менен Кореядан аялына бул жакка чакыруу жөнөтөт. Жигиттер кетерде кыздын тил үйрөнүшү үчүн курстарга акча төлөп беришет. Виза даяр болгонго чейинки аралыкта кыз корей тилин үйрөнүп алат.
– Корейлер эмне үчүн кыргыз кыздарына ашык болуп жатышат?
– Биринчиден, Кореяда кыз аз болгондуктан, алар жигиттерди тоготушпай, “мага карьера гана керек, төрөбөйм” деп чоёктоп калышкан. Мындай нерселер кыргыздын менталитетине көп жарашпайт эмеспи. Ошондуктан биздин кыздар чектен ашышпайт. Биздин агенттиктер Кыргызстандан сырткары 4-5 өлкөдө да бар.
Силердин Кореяга кетериңерди ата-энеңер билиши керек. Алардын уруксаты жок жибере албайбыз. Анда адам сатмай болуп калат.
– А биздин ата-энелерибиз билбейт эле да, ырас айтып койдуңуз. Корейлер кайсы динди тутушат?
– Буддизмди, христиан динин. Кыздарыбыз өз дининде эле калышат. Кээ биринин ата-энелери карыган деп айтпадымбы, “биз менен чиркөөгө барып койсун” деп айтышы мүмкүн. Барып койсо, буту-колу түшүп калбайт да, туурабы?
– Аларга кандай кыздар жагат экен?
– Ар түрдүү. Өтө толук кыздар жакпайт. Негизи, 30 жашка чейинкилерди алышат. Жактырып калса, балалууларды деле алып кете беришет. Бирок баласы бул жакта калат. Өткөндө бир кыз кетти. Анын кызы 7-класс болуп калыптыр, таенесинде катталуу экен. Жолдошу “барганда балам бар деп эч кимге ооз ачпа, кийин Кореядан окутуп алабыз” деди.
– Жигиттерди бул жакка ким жөнөтүп турат?
– Жетекчим. Кореяда чоң кең­себиз бар. Жиберерде жигиттерди бардык жагынан текшерип туруп жөнөтүшөт.

Бул агенттикке жигиттер октябрь айынын башында келишет экен. Эки жумадан кийин келмей болуп сыртка чыктык.

“КЫЗДАР АЙНЫП КЕТИШСЕ, 3000 ДОЛЛАР АЙЫП ТӨЛӨШӨТ”
Андан кийинки барган “ортомчу жеңебиздин” түшүндүрмөсү мындай болду.
– Биздин агенттиктин жетекчисинин орун басары котормочу. Силерди күйөө балдар менен өзү сүйлөштүрөт. Алгач анкета толтурасыңар, анан сүрөтүңөр­дү таштайсыңар.
– Төркүнүбүзгө келип турабызбы?
– Көбүнчө кыздар төркүнүнө бир жылда бир барышат го. Ошол сыяктуу эле жылына бир жолу келесиңер.
– Бизди Кореяга алып барып үй кызматчысы кылып же башка жумуштарга салып кыйнашпайбы?
– Эмнеге антишмек эле, өздөрү аялга араң жетип жатышса. Анткени ал жакта кыздар өтө аз. Аял үчүн, бала үчүн баарын кылууга даяр. Бизде үч кызга бир эркек болуп жатпайбы, ал эми Кореяда, тескерисинче, үч эркекке бир кыз туура келет.
– Биз анкета толтурсак эле болдубу?
– Анкета толтуруп, сүрөткө түшүп берип коюп жигиттерди күтөсүңөр. Жигиттер кыз таап берип жатканыбыз үчүн бизге акча төлөшөт. Кыскасы, кыз макул болуп, кийин айнып кетсе, моралдык зыян келтиргени үчүн 3000 доллар айып төлөйт. Мындан сырткары шакектин, тойдун акчасын кайрып берет.
– Турмушка чыккандан кийин турмуш-шартына көнө албай кыйналса, жардам бересиздерби?
– Алар тиги жакта, мен бул жакта болсом, кантип жардам берем? Апалары “дайын жок” деп ыйлап келишсе, байланыштырганга аракет кылам.
– Корейлер иттин этин жешет го, чын эле ошондой бекен?
– Мен да ошентип ойлоп, Кореяга барып кафесине киргенде эле тамактарын жыттай бергем, андай эмес. Иттин этин жегилери келсе, атайын кафе-ресторандарга заказ беришет экен.
– Үйлөнгөндөр арасында ажырашып кеткендер болобу?
– Эмнеге болбойт? Болот. Бул жактагылар деле ажырашып жатпайбы, ошондой эле да. Мен кыздарга айтам, жашап кетем десеңер 80 пайыз силерден көз каранды. Кыздар тиги жакка барып алгандан кийин күйөөсүнөн сулуураак эркектерди көрүп калышат же кыргыз жигиттерге кетип калышат. Анан байкуш тиги корей калат. Алар кыздарга кол көтөргөндөн коркушат. Кол көтөрсө, соттоп жиберет. Эгер кыз ажырашкысы келсе, кадимкидей эле сот аркылуу ажырашып алышат. Жолдун акчасын төлөп, кызды кайра салып жиберүүгө милдеттүү.

“КЫЗДАРДЫН КОРЕЯГА КЕТИШИНЕ КЫЗЫМ КАРШЫ”
Ушундай агенттиктердин бири аркылуу кызын Кореяга турмушка узаткан энени кепке тарттык.
– Кызым Бишкектеги агенттиктердин бирине барып корей жигит менен таанышып, 21 жашында турмушка чыккан. Негизи, бул жерге 50-60 жаштагы картаң эркектер келишет экен. Бирок кызымдын багына өзүнөн төрт жаш улуу жигит туш келген. Бир жыл көнө албай ыйлап жүрдү. Ал жактагылардын оюнун баары бир гана жумуш экен дейт. Моралдык жактан колдоо, эс алуу жокко эсе. Тууган-туушкан менен да катышышпайт.
Күйөөсү жактан бир аз маселе бар экен, кызым төрөй албай жүрөт. Учурда экөө тең дарыланып жатышат. Кызым барганда эле телевизор чыгарган ишканага кирген. Күйөө балам экөө ошол жерде иштешет. Мени үч айга конокко чакырышкан, буюрса, виза даяр болсо, барып келем.
Кореяга кеткен 50 кыздын бири гана бактылуу болот. Чет жерликтер менен тааныштырып, күйөөгө берип жаткан агенттиктер көп кыздын убалына калышууда. Кыздарыбыз ал жакка баргандан кийин көз каранды болуп калышат да. Үй кызматчысындай иштетип, карыган ата-энесин бактырып коюшат же төрөтүп туруп айдап жиберишет дейт. Кызымдын ал жерде жашаганына 6 жыл болгондуктан, кыргыз кыздардын жашоосу менен жакшы эле тааныш. Ошондуктан ал биздин кыздардын Кореяга барып корей жигиттерге турмушка чыгышына каршы.

Баласы менен сүрөткө түшүп салып жибергендерди да көрдүк. Баласы кудум эле атасы. “Кыздарыбыз ушундай темп менен башка улуттун санын өстүрүп, четинен кете берсе, кыргыздын эртеңкиси кандай болот? Башка улуттун санын өстүргүчө, өзүбүз көбөйсөк...” деген ой ар бир патриотко келери анык. Кыялындагы жомок жашоону эңсеп барган кыз-келиндер кыйын турмушка тушукканда, эл-жердин кымбаттыгын сезсе керек. Андыктан, акылман аялзаты, алдын ала ойлонолучу. Өз мекенибизде деле аракет кылсак, эңсеген жашообуздун пайдубалын тургузарыбыз анык эмеспи.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
02.10.2010. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул акчага кызыгып кетишет баары эмес бирок кообу ошондой кыздар олйонгулачы ал болок жер, болок эл , болок дин андан коро кыргыздарга эле тийип Кыргызстанда жыргап жашаганга эмне жетсин . Ушунун баарын окуп алып жаман болуп кеттим кыргыз кыздар корейлерге тийишине мен к
02.10.2010. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен каршымын кантсе да кыргыздарга эч ким жетпейт .
03.10.2010. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaida juruwso da kizdardin baktiluu boluwun kaalaim.
03.10.2010. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amen azyr koreada ishtep jurom bul jakta uylonuu oto kiyin bashky roldu akcha oynoyt koreyler eptep ele balaluu bolup alsa boldu alardy kyzdar dale kyzyktyrbayt tak chto koreylerge tiybey ele koygula omur boyu okunup kalbayin desener
03.10.2010. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Учурда Кореяда иштейм корейске турмушка чыккан 4-5 кыздар менен таанышмын.Куйолору торогучокту сыйлашат торогондон кийин тенсинишпейт.Корейстерге бала эле керек.Себебеи корейс кыздар торогонду каалашпайт.
04.10.2010. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:) акыркы эки коментарийди окуп алып,мен анда башка кореяда жашап жатамбы деп-озумо ишенбей кеттим
04.10.2010. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin bir taanywym Kg ga kelip okugan Koreiske turmuwka 4ygyp jatat, tuugan-urugu baary karwy boluwsa dele, emne deit elek baktyluu ele boluwsun! Kiyin okunbosun da, kyz jaw, emi 20 ga 4ygat...
04.10.2010. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koreada 3 jyldan beri jashap ele jurobuz ech kandai andai jaman jaktaryn uga elekmin,jakshy ele suilashat.kobuncho kyzdar ata enesin sagynyshyp yilashsa kerek,andai nerse KG da bolok uido jashasan dele bolot
04.10.2010. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корейлер уй кызматкери кылып салат экен дегени умора экен озунчо эле. анда биздин КГде кыз-келиндер куйоого тийип,уй жумуштарын кылып,бала багышпайт го ээ...?
корейлер балдарын эле ойлогону жакшы нерсе экен,биз деле балдарыбызды биринчи кезекке койсок жакшы болмок,
04.10.2010. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообще,Россиядагы кыргыз кыздарды да жамандашып,кореяга кеткендерди жамандаеып,КГде калган кыздарды да кыска кийип койду ,узун кийип койду деп жанын коюшпаса деги бизге эмне жагат ?
04.10.2010. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koreige turmuwka 4iguu jiyirkeni4tyy nerse,birok ortodo syiyy bolso jawap ketiwi mymkyn.
04.10.2010. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наши мужики бессильны... я имею в виду пока не будут наводить порядок в стране ...кыздарыбыз куда угодно кете берет и за кого угодно чыга берет... мне кажется это влияние корейских сериалов на наших молоденьких девушек...когда то я тоже смотрела турецкие сериалы и влюблялась в
04.10.2010. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
в общем кыздарды эле куноолой берген да болбойт...анткени статистика боюнча эркектер аялдардан 3-4 эсеге аз ошону учун мени качан куйоо алат деп отура бербей варианттарын да издейсин...
05.10.2010. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koreyaga kantip barıp iştese bolot maalımat bere alasızdarbı?Sizderden suranıç
05.10.2010. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо жон эле"тигил минтип ,айтты бул минтип айтты*дей бербей,ошол куйоого чыккандар менен байланышып туруп жазбайсынарбы кичине.жазганынардын 90%чындыкка туура келбейт.
06.10.2010. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
http://my.mail.ru/community/kyrgyzstan-korea/5F152D0A2CB2BAF5.html - stat'ia odnogo iz molodyh liderov kyrgyzov v Koree, podrobnaia informasia na etu temu. Interv'iu 2 devushek, odna razvoditsia drugaia s4astliva. Sovetuiu po4itat', o4en' poleznye informasii.
06.10.2010. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kstati, v koree 4tob jenitsia nado imet' ogromnoe sostoianie, koreianki ne znaiut 4to takaia luvob'. Oni tolko na materialnuiu sostoianiu smotriat. Te koreisi kotorye polzuiutsia uslugami bra4nyh agenstv, kak raz taki est' bednye koreisy.
07.10.2010. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен азыр кореядамын...сураныч билбегендер комментарий жазбай эле койгулачы.Кореецтерге турмушка чыккандар менен катташып эле журом.Алардын бири да бактылуумун деген жок.Бала торогучо ээрчитип журуп анан 0 % внимание кылышат экен. 2-сорт адам кылып... кайра кызды уйуно кети
08.10.2010. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Счастье не зависит от национальности.
У моей знакомой как раз-таки с кыргызом спокойным и покладистым мужем счастья не вышло,
зато безумно была счастлива с корейцем,
как на одном дыхании,несмотря на все его сложности характера.

Не в нации дело,а в том,п
08.10.2010. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
подходят ли друг другу люди и есть ли между ними искренние чувства друг к другу!
15.11.2010. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздардын кыргызстандагы баасы канча кореадагы баасы канча менда сатып иштейин бир кыздан мин доллар калып турса тез эле которулуп кетемго
29.09.2011. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жок акмактар менин тигиндей танышым бар,анан алар жакшы эле жашайт жалгандан коментарий жазгандан коро менин эрим да корейц деп айта кой жакшысы. Кыргызда кайдагы суйу кыскасы не пизди.
Уяты жок акмактар менин тигиндей танышым бар,анан алар жакшы эле жашайт жалгандан коментарий жазгандан коро менин эрим да корейц деп айта кой жакшысы. Кыргызда кайдагы суйу кыскасы не пизди.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо