№933 22-28-октябрь, 2020-ж.
Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамынын оюнчусу Виктор Майер Германия чемпиондугундагы алгачкы голун киргизди. 17-октябрда Германиянын Түштүк аймактык лигасында Виктор Майер курамына кирген «Виденбрюк» командасы Кёльндун «Фортуна» клубуна каршы ойногон. Майер негизги курамдын ичинде көк майсаңга чыгып, оюндун 53-мүнөтүндө каршылашы тарапка гол киргизди. Жыйынтыгында эсеп 4:3 болуп, «Виденбрюк» алдыда келе жаткан. 71-мүнөттө кыргызстандык футболчу башка оюнчу менен алмаштырылып оюн талаасынан чыккандан кийин, 85-мүнөттө «Фортуна» эсепти 4:4 кылып теңеди. Бул гол Майер үчүн учурдагы сезондун алгачкы голу болду.
Гүлжан Асанкожоева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |