№933 22-28-октябрь, 2020-ж.
Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп Канат Шабданбаев дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Маалыматты аталган агенттиктин басма сөз кызматы таратты. Ал эми буга чейин агенттикти Канат Аманкулов жетектеп келген. Аманкулов бул кызматка 2016-жылы бекитилген. Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине шайланган Канат Шабданбаев 2017-жылдан баштап ушул күнгө чейин аталган мекеменин алдындагы Спорттук курулуш жана спорттук камсыздоо мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеп келген. Ал учурда 38 жашта.
Гүлжан Асанкожоева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |