TELEGRAM ТИРКЕМЕСИ ТУУРАЛУУ ЭҢ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

№933 22-28-октябрь, 2020-ж.

КУПУЯЛУУ ЖАНА КООПСУЗ

Системдин коопсуздук бекемдиги үчүн бир нече жолу текшерилген. Анын сыр санын ачуу мүмкүн эмес. Telegram’дын сыр санын чечмелөө үчүн атайын хакерлер арасында сынак уюштурулуп, 200 миң доллар сыйлык коюлган. Сынак жеңүүчүлөрсүз жокко чыккан.

МИЛЛИОНДОГОН КОЛДОНУУЧУСУ БАР

Кызматтын ай сайын активдүү колдонуучуларынын саны 2020-жылдын апрелинин аягына карата 400 миллиондон ашуун­ адамды түзгөн. Сервер күн сайын 350 миң колдонуучу менен толукталып турат. Серверлер аары сыяктуу иштешип, күнүнө 14 миллиарддан ашуун билдирүүлөрдү жөнөтүшөт.

ЖАРНАМА ЖОК

Жарнама жана спам жок. Бул абдан ыңгайлуу жана Telegram’дын негизги артыкчылыктарынын бири. Тиркеме дүйнөнүн 200 өлкөсүндө суроо-талапка ээ.

КООМЧУЛУК АРАСЫНДА ПОПУЛЯРДУУ

Тиркеме популярдуулуктун эң жогорку чегине 2014-жылы жеткен. Анда WhatsApp’тын ишинде көйгөйлөр пайда болуп, колдонуучулардын көпчүлүгү Telegram’га өткөн. Колдонуучулар аталган тиркеменин ыңгайлуулугун, ылдамдыгын жана купуялуулугун жогору баалашат.

САТЫП АЛУУ МҮМКҮН ЭМЕС

Популярдуулукка ээ болгондон тартып көптөгөн ири корпорациялар Telegram’ды сатып алууга аракет кылышкан. Тиркеменин негиздөөчүсү Павел Дуров баш тарткан жана өз позициясынан жылбай келет. Ал өз долбоорун Google да көтөрө албаган суммага баалаган.

WHATSAPP’тан АШЫП ТҮШКӨН

Программа WhatsApp’тын негиздөөчүсү Ян Кумду олуттуу тынчсыздандырган. Анткени WhatsApp Telegram серверинин мүмкүнчүлүктөрүнөн кыйла артта калган. Аны кууп жетүү үчүн чоң инвестицияларды жумшаш керек.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо