ЖЕР БЕТИНДЕ КЕЗДЕШКЕН ЭҢ УУЛУУ ЖЫЛАНДАР

№933 22-28-октябрь, 2020-ж.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, дүйнөдө жылына 5,8 миллион адамды жылан чагат. Алардын жарымы уулуу­. Жыландын уусу­нан бир күндө 220дан 380ге чейин адам каза болот. Ал эми бир жылды алып карасак, 80 000ден, 138 000ге чейин адам көз жумат. Биз эң уулуу жыландар тууралуу кыскача баяндап беребиз.

КАРА МАМБА

Африканы байырлаган жыландын териси кара болгондуктан кара мамба деп аталат. Жылан чоңдугу жана шамдагайлыгы менен өзгөчөлөт. Уусунун күчтүүлүгүнөн капканга түшкөн жандыктардын көпчүлүгү жан берет. Бул жыландын уусунан жылына дүйнө боюнча бир нече адам көз жумат.

ГАДЮКА

Гадюка эң коркунучтуу жыландардын катарына кирет. Окумуштуулардын айтымында, көрсөткүч боюнча адамдар эң көп ушул жыландын уусунан көз жумушат. Бул жылан чаккандан кийин, убагында жардам көрсөтүлгөн адамдардын 10 пайызы гана жашап кетет. Гадюкага бат жана чанда чагат деген мүнөздөмө беришет.

КРАЙТ

Бул жылан кобранын эң уулуу­ бир тууганы болуп саналат. Алардын узундугу 2,5 метрге чейин жетет. Көбүнчө уулуу жыландар жана кескелдириктер менен азыктанышат. Ал эми сүт эмүүчүлөр менен көп азыктана беришпейт. Жыландын уусу шал оорусуна алып келет.

ПАДЫШАЛЫК КОБРА

Өзүнүн узундугу менен айырмаланган жыландын уусунда нейротоксин абдан көп өлчөмдө. Кобранын уусу ушунчалык күчтүү, ал пилди чакса, жаныбар алп экенине карабай бир нече саат­та өлүп калышы мүмкүн. Ал эми адамга кайрыла турган болсок, 50-60 пайызы курман болот.

ЖЭЭК ТАЙПАНЫ

Бул жылан кобранын уусуна барабар болгон ууну бөлүп чыгарат. Ал чаккан жандыктардын 80 пайызы өлөт. Тайпандар Австралиянын түндүк, түндүк-чыгыш аймагын байырлашат. Бул жыландар бака жана чычкан сыяктуу жандыктар менен азыктанганды жакшы көрүшөт. Андыктан бул жыландар адам жашаган аймактарга жакын жашашат.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
26.10.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ий мынча туру суук булардын,суротун коргондо эле чыйрыгы тушосун
26.10.2020. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жылан жок жерде жашаганыма Кудайга шүгүр келтирем. Корком жыландан.
26.10.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда төрөлгөүмө чексиз чексиз шүгүр кылам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо