№934 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
Кыргызстандык жаш шахматчы Элдияр Орозбаев "Almaty Online Chess Festival 2020нын" алкагында өткөрүлгөн онлайн режимдеги ачык турнирде 1-орунду багындырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынан билдиришти.22-октябрда chess.com платформасында Казакстан шахмат федерациясы эл аралык "Almaty Chess Online" фестивалынын ачык турниринин IV финалын өткөрдү.
Кыргызстандык Элдияр Орозбаев 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 1-орунду ээледи. Жалпы эсепте ал 15-орунду, ал эми 18 жашка чейинкилер арасында 2-орунду ээлеген.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |