ПОЛИОВИРУС КОРКУНУЧ ЖАРАТУУДА

№934 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, полиовирустун жайылуу коркунучу жогору. Бул тууралуу уюмдун Женевадагы башкы кеңсеси билдирди.

Эксперттердин айтымында, бы­йыл полиомиелит оорусу тез жайылууда. Ушул жылдын 1-январынан 5-октябрына чейн полиовирустун 121 учуру катталды. 2019-жылы бул көрсөткүч 85 учурду түзгөн. Башкача айтканда, 2020-жылы 42 пайыздык өсүш болгон. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2014-жылы өзгөчө кырдаал жарыялагандан берки эң жогорку көрсөткүч. Маалыматка ылайык, оору айрым өлкөлөрдө өтө тездик менен өнүгүп жатат. «COVID-19дун айынан полиомиелитке каршы вакцинанын токтотулушунан улам калк арасында иммунитеттин төмөндөшү байкалды. Пандемия болгон учурда вакциналарды жеткирүүдөгү кыйынчылыктар абалды татаалдаштырууда», - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө. Илдетке кабылгандардын нерв системи жабыркап, шал оорусуна кабылышы мүмкүн.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо