Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“АЯЛ БАКТЫСЫНА” КАМ КӨРҮҮ

№934 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.

Кожойкелердин көпчүлүгүнүн терезесинде “аял бактысы” деп аталган бөлмө өсүмдүгү кезигет. Анын ар түрдүү түстөгү гүл ачканын жактырып, гүлдөр коллекциясына кошууну самагандар көп. Дал ушул өсүмдүккө кам көрүүнүн сырларын сунуш кылабыз.


Илимий аталышы антуриум деп аталып, өзгөчө гүл ачат жана жалбырагы да жылмакай, жагымдуу көрүнөт. Эл ичинде түрлөрүнө жараша “аял бактысы”, “мырза бактысы” деп аталат.

Антуриумду туура бакса, өзгөчө деле кам көрүүнү талап кылбайт. Эгер дүпүйүп өсүп, көп гүл ачуусун кааласаңыз, буларды жасаңыз:

· Гүлдү күндүн эртең мененки нуру тийип, түштөн оогон соң көлөкө түшө турган жерге жайгаштырыңыз. Бөлмө температурасы дароо түшүп кетпей, бир калыпта туруусу шарт. Жанына банкага суу куюп коюп койсо да жакшы.

· Бир гүл челекке майда 4-5 түптү (же талын) бир отургузуңуз. 1 түп 2-5 гүлгө чейин ачат. Ошондо челектин өзү көрүнбөй калганча барпайып, кооз өсөт.

· 2-3 жылда бир топурагын алмаштырып, чоңураак челекке көчүрүп туруу шарт, же болбосо суюлтуп туруу керек. Анткени антуриум жайылып, көбөйүп өсөт.

· Өтө чоң челекке да отургузуу туура эмес. Тамырын анча тар эмес челекке жайгаштырбаса туурасына карап көбөйүп кете берет дагы, азыгын гүл ачууга сарптабай коёт.

· Гүл тамырынан дем алып турууну сүйөт. Отургузардан мурун челектин түбүндө тешиктери бар экенине ынаныңыз. Топурактын алдына сөзсүз майда таш же атайын чым, отундун күйүп бүткөн көмүрүн салыңыз.

· Булардан тышкары гүл саткан дүкөндөрдөн атайын антуриумга арналган кошумча азыктандыруучу аралашмалардан алып куйсаңыз болот.


 

Гүлжан Асанкожоева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
07.11.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял бактысы деген гул ак тусто болчу го. Бул суротогуну "мужское счастье"деп коебуз биз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо