Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР БҮРКҮМ. БИШКЕК-НОВОСИБИРСК АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНА ЭЛЕК...

№935 5-11-ноябрь, 2020-ж.

  • Октябрь айында Кыргызстанда 1 милиард 286 миллион 78 миң киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылганын “Улуттук электр тармагы” ишканасы билдирди.
  • Балбак Түлөбаев: “Бишкекте 15-20-ноябрь аралыгында коронавирус эпидемиясы боюнча эң жогорку көрсөткүч катталышы мүмкүн”.
  • Жарандык авиация агенттиги: “Бишкек-Новосибирск аба каттамы жандана элек”.
  • Финпол: “Таласта төө буурчактын баасын негизсиз арзандаткан алып сатарлар аныкталды”.
  • Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп Элчибек Жантаев дайындалды.
  • БШК мүчөлүгүнөн кеткен Атыр Абдрахматованын ордуна мурда аталган органдын төрагасы болгон Акылбек Сариев бекитилгени жатат.
  • Нурбек Козубеков “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан маалымдашты.
  • Бишкектин “Тазалык” ишканасына быйылкы кышта жолдорго кам көрүү үчүн 6500 тонна туз керек болсо, учурда анын 4340 тоннасы бар.
  • Мамлекеттик “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү 500 миң сом пара алып жатканда кармалды.
  • Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 10 айында 62 миллиард 646 миллион 100 миң сом салык жана төлөм чогултту.
  • 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 14 миллиард 772 миллион 72 миң метр куб суу бар, бул 2019-жылдын ушул күнүнө караганда орточо 2,2 миллиард метр кубга аз.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо