Султан Садыралиев: «КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗ ОКШОШПУЗ»

№413 1-7-октябрь, 2010-ж.

Эки жүрөк бир согуп, сүйүшкөндөр кол кармашып турмуштун даңгыр жолуна түшкөн учур эң бир бактылуу мүнөттөрдөн эмеспи. Кыргыз эстрадасынын жылдызы Cултан Садыралиев жакында үй-бүлө курганы тууралуу жаздык эле, эми жаш кожоюнду сөзгө тарттык.

– Куш бооң бек болсун, Султан!
– Чоң рахмат.
– Өзүң ырдагандай, сүйүү тамчысы кайсы жердин кызына тамды болду экен?
– Биринчиден, жумурай журтума “мен үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында нике буюруп, ак өргөөмдүн түндүгүн көтөрүп, түтүн булата баштадым” деп сүйүнчүлөй кетейин. Эми келинчегимдин жерлигин айта кетсем, алыс кетпей эле сүйүү тамчысы Таластын татынакай бир кызына арналды.
– “Эл оозунда элек жок” деп коёт эмеспи. “Султан казак кызына үйлөнүптүр” деген маалымат да тарап кетти эле...
– Бул зеригип отургандардын чыгарып койгон кур сөзү да. Кыргыздын эле кызын алдым. Өзүм араң казактан кыргызга айланып жатсам, казактан кыз албайм да. “Казактын кыздары кыйын болот, өз элине тартып кетет” деп атам тамашалап айтып калчу. Атамдын сөзүн уктум.
– Кел анда, келинибиз менен жакындан таанышып алалы.
– Келинчегимдин аты Асел, менден 3 жаш кичүү. Эки агасынын эрке карындашы, ата-энесинин көкүрөк күчүгү. Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп жүрүп, жакшы эле бири-бирибизди сынадык. Ар бир нерсенин бышып жетилчү убакыт-сааты болот эмеспи. Үйлөнүү мен үчүн ушул күзгө буюруптур. Күйөө жолдоштук милдетти Акбар Сүйүнбаев менен Мирбек Иманбеков аркалашты. Азырынча Аселдин ата-энесинин астына түшүп, кыргыздын салтын улай калыңынан гана кутулдум. Эми, буюрса, алдыда чоң той берип элдин батасын алайын деген тилегим бар.
– “Таластын кыздары кымбат” деп коюшат го. Канча калың бердиң?
– Тим эле күтүрөтүп үйүр-үйүр жылкы деле айдап барган жокмун. Калыңды эл катары эле бердик десем жаңылышпайм го. Азыркы эле "тариф" менен дебейинби.
– Алгач сөйкө салып, анан ата-энеге тааныштыруу деген тепкичтерди басып өттүңөр да...
– Чынын айтсам, сөйкө салган жокмун. Себеби сөйкөнү Аселге ай сайын эле белек кылып турчумун. Келинчегим алтынды аябай жакшы көрөт. Сүйлөгөн сөздөрүнөн эле майрамдарда алтындан белек алгысы келип жатканын байкачумун. Муну эми өзү гезиттен окуп алып да күлөт болуш керек. Мени аяган күнү андай талабын калтырат деп ойлойм. Албетте, алгач Аселди ата-энемдин алдына алып барып сындан өткөрдүм. Негизи, кээ бир жигиттер өз алдынча нан таап баштаганда эле “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп калышат. Мен ата-энемдин айтканын, жактырган кызын алам дечүмүн. Асел ата-энеме абдан жакты, анан алар мага батасын берип, "үйлөн" дегенде гана түтүн булатуу тууралуу чечимге кол коюлду.
– Ата-энеңдин сынынан го Асел оңой эле өтүптүр. Сен кандай сыноолордон өткөрдүң, деги Асел сулуу сени эмнеси менен арбап алды болду экен?
– Экөөбүз кыз-жигит болуп жүр­гөндө Асел бир топ эле сыноолордон өттү. Мен атайын күйөрман кыздарым менен кучакташып сүрөткө түшүп, алар менен тамашалашып... Кээ бир “бетиңден өөп коёюн” деген кыздарга каршы болчу эмесмин. Булардын баарын эле өз көзү менен көрүп жүрдү. Эгерде түшүнүгү тайкы болсо, ошол жерден жаңжал чыгармак да. Ошондуктан мен анын чыгармачылыкты түшүнгөн адам экенине көзүм жетти. Анан абдан жөнөкөйлүгү мени арбап алды. Көп эле досторум айтып калат “Асел сенин эле ургаачың” деп. Экөөбүздүн көп жерибиз окшош.
– Жөнөкөй жигитке жөнөкөй кыз туш болгон турбайбы?
– Ооба, экөөбүз тең жөнөкөй адамбыз.
– “Казан аяк кагышат, эси кеткен болушат” деген кеп бар. Бул жашоо философиясы эмеспи...
– Чынында эле аял-күйөө ортосунда келишпестиктер чыга берет. Бирок эртеси эле элдешип алган үй-бүлөнү мен туруктуу үй-бүлө деп эсептейм. Анткени алар бири-бирин кечире алышат. Биз сүйлөшүп жүргөндө эле 4-5 жолу таарынышып кеткенбиз. Бирок кечирим сурап өзүм баргам. Эгерде кийин деле ушундай абалга туш болуп калсам, өзүм биринчи кечирим сурайт болушум керек.
– “Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?” деген сөз бекер айтылбагандай. Кайнене менен келин ортосунда пикир келишпестик келип чыкса кандай чечим чыгарасың?
– Менин энемди сыйлай билбей тикилдеп айтышып турган адамды кечире албайм. Асел деле бир күнү келиндүү болот. “Келме-кезек, терме-тезек” дегендей...
– Учурда ата-энең келиндин чайын ичип бапырап турган кездери экен да.
– Асел жагдайга байланыш­туу Бишкекте, өзүнүн ата-эне­си­никинде. Мен шайлоо менен Кыргызстандын улам бир жеринде жүрбөймүнбү. Эми ата-энеме айылга барганда ысык чайын берип келин кызматын кылат да. Азыр алардын колунда келин бар, байкем үйлөнгөн. Азырынча Бишкекте эле жашайбыз. Балким, кийин айылга барып калышыбыз да мүмкүн.
– Жаңы үйлөн­гөндө мамиле аб­дан ысык болуп, бир аз көр­б­өй кал­саң сагынып турат эмес­сиң­би...
– Шайлоодон тапкан акчамдын 20 пайызы бирдикке кетип жатат. Бошой калсам эле келинчегиме телефон чалып сүйлөшүүдөмүн.
– Айылга барып калсаңар Асел уй саап, сага айран уютуп берип жыргатат экен да...
– Азыр уй сааганды билбейт. Бирок башка түшсө үйрөнөт го.
– Аялдын бир өнөрү ашкана эмеспи, келинчегиңдин кайсы тамагын тамшанып жеп жатасың?
– Асел таптакыр эт жебейт экен. Чөп-чардан жасалган тамактарды түрлөп жасайт. Албетте, пейили менен жасап жаткандан кийин кичине жемиш болосуң. Бирок этти жакшы көргөн жаным “эт кошуп тамак жасачы” деп суранам. Анан мага өзүнчө тамак даярдап берет.
– Көпчүлүк мырзалар аялдарын иштетпей “үйгө отур, мындан кийин боёнбо” деп тыюу салышат, сен антпейсиңби?
– Мен элге кызмат кылган адам болгондуктан, андай тыюу салбайм. Ал деле иштеп элге кызматын өтөсүн. 5 жыл окуган билиминин үзүрүн көрсүн дейм. Ал эми ашыкча боёнгон кыздарды башынан эле жаман көрчүмүн. Асел боёнбойт. Бир жолу өзүм сурангам “боёнуп келсең” деп. Кийингенине кийлигишпейм деле.
– Асел иштеп калса сенде кызгануу деген нерсе жаралбайбы?
– Эгер адам өзүнө ишенип, чыныгы сүйүү болсо мындай маселе жаралбайт го.
– “Сен үчүн жаным курман” деген күйөрмандарыңа айта кетчү сөзүң.
– Күйөрман демекчи, үйлөнөр алдында көп ойлондум. Кээ бир досторум “үйлөнбөй эле койбойсуңбу, бул сенин карьераңа тоскоол болот” дегендей кылышты. Бирок карьера деп жүрө берсем, отуздун кырына чыгып кетчүдөймүн. Анын үстүнө үйгө барган сайын эле апамдар “үйлөнсөң жакшы болор эле” деп көп айтып калышты. Бир жолу дагы ушинтип айтканынан “үйлөнчү кыз жок” десем, “артыңда сонун-сонун кыздар бийлейт го, ошондон бирди албайсыңбы” деп жатпайбы. Ушундан улам да жүрө берип убакыттан уттурам го деп ойлонуп калдым. Бардык менин сүйүктүү күйөрмандарыма “түгөйлөрүн тапсын жана сүйүү оту жана берсин, өзүнө окшош бала берсин” демекчимин.
– “Аселдин сүрөтүн элге көр­сөт­пөй турайын” деп жа­тасың, мунун сыры барбы?
– Азырынча көшөгө артында отура турсун. Анан алдыда бир пландар бар. Буюрса, жаңы клип тарттырам, анда башкы ролду келинчегим ойнойт. Ошентип клип аркылуу элге тааныштырайын деп жатам. Анан чоң той бергенде эл алдына алып чыгып жүгүндүрүп, бата алайын деген тилек бар.
Мынча балалуу болом деп кыялдана элексиңби?
– Кудай канча берсе буюрганы. Анан бир балам менин жолумду жолдоп чыгармачыл адам болсо деп кыялданам.
– Кызыктуу маегиңе чоң рахмат. Бактылуу жаштардан болгула.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(26)
02.10.2010. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jash jubaylarga baktyluu uy-bulooluk turmush,yimanduu kelin, kuyoo bala bolup ata-enelerin siylap karmashkan koldoru uzulboy, ortolorunda mahabattaryn bekem baylanyshtyryp turgan ymyrkaylar bolsun demekchimin. Kush boonor bek bolsun!!!
02.10.2010. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге жубайынын суроту жок?
02.10.2010. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун!Бактылуу болгула жана кармашкан колунуздар эч убакта узулбосун!!!
02.10.2010. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bol Sultan.Chygarmachylygyna iigilik...
02.10.2010. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu omur surgulo!!! Iyigilik
03.10.2010. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiluu bol!!!Ayabai kaigiga salgan kizina uilondubu je bawkagabi?
03.10.2010. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол,бар бол,бай бол.
03.10.2010. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бактылуу бактылууууу болгула!!!
03.10.2010. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!!!!
03.10.2010. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел бактылуу айым экен.бактылуу болгула
04.10.2010. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, кармашкан колунар эч качан узулбосун!
04.10.2010. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!!
04.10.2010. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Давай эмесе султан ага башына нокто садырыпсын да...Бактылуу бол!
04.10.2010. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СУЛТАН и АСЕЛЬ будьте счастливы.
04.10.2010. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan baktiluu bolgula!!!
04.10.2010. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mindan 2 je 3 jil murun ele Sultan Kochkor-Atadan yilonyptyr dep uktuk ele anin toiun korgondor da bar eken,uktuk ele.emi bunu ugup tan kalip oturabiz.
04.10.2010. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, баш кошкон экиш жаш!!!
04.10.2010. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да Бактылуу Таалайлуу болушсун! бирок эл учун кызмат кылып атам дегени эмнегедир жакпай кетти....
05.10.2010. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель боенбосо жакшы экен да, косметикага эконом, бирок алтын жакшы корот экен ммм, баардык жактан Бактылуу эле болгула, анан акырындап эт тамакка да, чоп тамакка да конуп каласынар!! Анткени бактылууусунар.
05.10.2010. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боон бек болсун, бактылуу болгула.
05.10.2010. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан эмнегедир мага эч жакпайт, озун кыйын сезе берет го, Аселге жалко.
05.10.2010. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз сага кор болгон
06.10.2010. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчыларга эч тушунбойсун,жалгызмын деп сайрап аттып эле. Анан 1 жыл кыз жигит болуп анан баш коштук дейт! Эмнеси болсо да бактылу болгула да...
06.10.2010. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, ар дайым кармашкан колунар эч убакта узулбосун,эки жашка кааларым тоо суусундай узун омур,эненин мээримин, пейилдин кендигин, атанын намысын, элдин батасын алган бактылуу жаштардан болгула демекчимин.
06.10.2010. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stiv
Султан эмнегедир мага эч жакпайт, озун кыйын сезе берет го, Аселге жалко.
анткени Таластыкта!!! Султан Таластык кызды алсан анда жакшы.
06.10.2010. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз сага кор болгон

эменеге байкуш болмок эле! баардыгы аларда супер болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо