МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКАНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

№935 5-11-ноябрь, 2020-ж.

Бүгүнкү күндө гениалдуу болуу жөнөкөй. Эгер мурда ал үчүн талант, шык жана жөндөм керек болсо, азыр атайын ыкма менен жасалган машыгуулар жетиштүү. Эгер балаңыздын калькулятор сыяктуу эсеп чыгарышын, математикадагы билимин өркүндөтүүнү кааласаңыз, анда менталдык арифметика менен таанышыңыз.

Менталдык арифметика – оозеки тез эсептөөнүн негизинде түзүлгөн балдардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн арттыруучу уникалдуу ыкма.

Анын биринчи компоненти абакус болуп, кандайдыр бир эсептерди (кошуу, кемитүү, бөлүү, көбөйтүү жана башка) үйрөнүшөт. Экинчи компоненти абакустун сүрөтү тартылган “менталдык карта” деп аталат. Аны менен окуучу картада тартылган шуручаларды элестетүү ыкмасы менен жылдырганды үйрөнөт. Ал эми үчүнчү компонент – визуалдык саноодо бала элестүү санай баштайт. Жалпы жонунан окуу 1,5 жылга созулат. Окуу процессинде балдар абакустун жардамы менен иштешет.

Абакус – электр кубатына муктаж болбогон калькуляторго окшош жана балдардын мээсин өнүктүрүүдө ийгиликтүү колдонулган популярдуу арифметикалык курал болуп саналат. Эң алгачкы калькулятор деп койсок болот.

МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКАНЫН БАЛАГА ТААСИРИ КАНДАЙ?

  • Мээнин эки жарым шары бир мезгилде иштейт, мындай ыкма башка методикаларда жок;
  • Образдуу ой жүгүртүү, элестетүү күчтүү болот;
  • Баланын эс тутуму жогорулайт;
  • Абдан татаал арифметикалык амалдарды заматта эсептеп чыгара алат, ой жүгүртүү процесси жогорку ылдамдыкта жүрөт;
  • Маселелерди стандарттуу эмес ыкмалар менен чечүү жөндөмү өнүгөт;
  • Чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрү өсөт;
  • Дене мүчөлөрүн (көз, кол, мээ, ооз, кулак жана башка) бирдиктүү координациялай алат;
  • Алаксыбай, көңүлдү бир нерсеге топтой алат;
  • Өжөрлүк менен тырышып эмгектенет, интуициясы өсөт;
  • Башка окуу предметтерди, чет тилдерди тез өздөштүрөт;
  • Чечимдерди тез кабыл алганга үйрөнөт;
  • Лидерлик сапат ачыкка чыгып, калыптанат;
  • Өзүнө болгон ишеним жана өз алдынчалык өсөт.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(5)
13.11.2020. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кызымды окуткум келет.Аябай математекага кызыгат.Болуу кобойтуу айтын деп эле аркаман кууп алат.
13.11.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кызымды окутам буйруса.Аябай кызыгуусу куч математекага.
13.11.2020. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен окутам
13.11.2020. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен окутам буйруса
16.11.2020. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кыздарым окуп жатышканда вирус башталып, азыр кызыкпай калышты же жаштык кылыштыбы билбейм отуруп кандай санды айтсан элестетип кошуп башташчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо