№936 12-18-ноябрь, 2020-ж.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбор калаасы Варшавада өткөн «Poland Open» аттуу эл аралык турнирге катышып, 62 килограмм салмак ченинде алтын медаль утту.Тыныбекова алгачкы атаандашы орусиялык Ульяна Тукуренованы мөөнөтүнөн мурда 12:3 эсебинде жеңип, кийинки баскычта тунистик Марва Амри менен кез келди. Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып, беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашынын далысын жерге басып таза жеңишке жетти.
Финалда орусиялык балбан кызды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |