БАКТИЯР КАСЫМАЛИЕВ УУЛДУУ БОЛДУ

№936 12-18-ноябрь, 2020-ж.

"Азия Микс" командасынын оюнчусу, вайнер Бактияр Касымалиев наристе жыттады. 32 жаштагы вайнер ата болуу, бала тарбиялоо боюнча аз да болсо түшүнүгү болуп калган кезде балалуу болгонун айтат.

– Мага "25 жаштан кийин балалуу болуш керек" деп айта беришчү. Мен адам даяр болгон кезде балалуу болушу керек деп ойлойм. Айрымдар "бала төрөлдү, эми эмне кылабыз?" деп ойлонушат. Айрым ата-эне баласын чоң ата-чоң энесине тарбиялоого беришет эмеспи. Жубайым экөөбүз ата-эне болууга даярбыз, уулубузду өзүбүз тарбиялайбыз. Биздин үй-бүлөбүздө бардык аттардын аягы "-яр" менен бүтөт, ушундай салтыбыз бар. Мен ошол салтты улап, уулума Тияр деген ат койдум.

Айта кетсек, Бактияр Касымалиев менен Жибек Алиева 2016-жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо