Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргыз тасмалары Москвада фестивалга катышат. “Дарак ырынан” дагы бир жеңиш

№936 12-18-ноябрь, 2020-ж.

Кыргыз кинорежиссёрлорунун эмгектери "Москва премьерасы" эл аралык кино фестивалына катышат. Кыргыз кинематографисттер союзунун маалыматына ылайык, фестивалда режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы толук метраждуу тасмалар сынагында, ал эми Тынчтык Абылкасымовдун "Чек арада" тасмасы кыска метраждуу тасмалар сынагында ат салышат.

Сынакка Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Литва, Орусия, Өзбекстан, Украина жана Кыргыз өлкөсү катышат.

"Москва премьерасы" фестивалы 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл аталган иш-чара 12-17-ноябрь аралыгында Москвада өтөт.

Тасма жаңылыктарын улай, жакында эле Орусиянын Чебоксары шаарында өткөн XIII Эл аралык кинофестивалында Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы "Мыкты сценарий" номинациясын жеңип алды. Тасманын сценарийин Айбек Дайырбеков менен Садык Шер-Нияз жазган. Тасманын режиссёру, сценаристи Айбек Дайырбеков бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасына жазды. "Дарак ыры" тасмасы буга чейин бир катар эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо