АФРИКАДА АКЫРКЫ 110 ЖЫЛДАГЫ ЭҢ ИРИ АЛМАЗ ТАБЫЛДЫ

№937 19-25-ноябрь, 2020-ж.

Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө акыркы 110 жылдагы эң ири алмаз табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алмаз канадалык “Lucara Diamond” компаниясынын “Карове” шахтасынан табылган. Маалыматка ылайык, табылган алмаздын салмагы 1111 карат.

Асыл таш ушунчалык чоң болгондуктан, ал компаниянын лазердик анализдөөчү жабдуусуна батпай калган. Ошого карабастан, компания өкүлдөрү табылган алмазды II категорияга кошкон. Бул алмаздын тазалыгы, өңү жана тунуктугу боюнча сапатынын жогорку категориясы деп айтышты. Дүйнөдө алмаздын болжол менен 2 пайызы гана II категорияга ээ.

Белгилей кетсек, 1905-жылы Түштүк Африкада табылган салмагы 3106 карат болгон “Куллинан” алмазы дүйнөдөгү эң чон алмаз болуп саналат. Дүйнөдөгү экинчи чоң алмаз салмагы 1109 карат болгон “Lesedi la Rona” ташы.


Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
23.11.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээ, акыл болбогондон кийин толгон токой байлыгы болсо да кулсун! Эн кен байлыктар менен жаратылыш байлыктары мол олко! Батыш менен американын военный полигон кылып талкалап журушот экологиясын кен байлыктарын ташып кетип атышат
24.11.2020. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Datka7777,Сенин созуно кошулбайм.Америкага окшогон мамлекеттер аларды манкуртка айлантып салышкан.Эгер акылдуу адам чыкса жок кылат.Кыйын адамдар чыгып ал жердин байлыгын коргоп турса,Америка учун пайдасыз.Ошон учун билим алууга жол бербей жатат.Болбосо Америка мектеп куруп,билим алууга ундосо болмок.
26.11.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1111карат болгондо канча болот грамга карат дегенге тушунбодум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо