Талант Кадыров, ырчы: “АЙЯ МЕНЕН ИШТЕШҮҮНҮ ТОКТОТТУМ. АЛ МЕНИН КӨҢҮЛҮМДҮ ООРУТТУ”

№937 19-25-ноябрь, 2020-ж.

Талант Кадыровдун Айя Садырова менен чогуу ырдаган ырлары элде жакшы кабыл алынып жаткан. Бирок мындан ары Айя Садырова менен Талант Кадыровдун дуэтин уга албайт экенбиз. Талант мырза ырчы айым менен иштешүүнү токтотконун айтат. Себеби эмне?

– Саламатсызбы, Талант мырза? Акыркы кездери чыгармачылыгыңыз токтоп калгандай, буга эмне себеп?

– Саламатчылык. Бул жылы пандемия болуп, оор жылдардан болду. COVID-19 канчалаган мыкты инсандарыбызды алып тынды. Ушуга жүрөгүбүз ооруп, чыгармачылык менен алектенгенге каалоо, эргүү болгон жок. Ушул чоң себеп болду. Быйылкы жылдын эсебинен бир гана чыгарма жаздым. Бул Бахадыр Карабаев агабыздын “Жубайыма” деген чыгармасы. Башынан эле эски ырларга басым жасап, аларды заманбап стилге салып ырдап жүрөм. Бул да эски чыгарма. Ушул айда клип тартып баштайбыз. Ырларымды клип тартылып бүткөндөн кийин гана радио, телеге берем, интернетке жүктөйм. “Жубайыма” аттуу ыр жубайга эмес, күйөрман кызга арналган жакшы чыгарма. Жакында угасыздар, буюрса.

– Айя Садырова менен дуэттериңиздер элде жакшы кабыл алынып жатты эле. Дагы дуэттер болобу? Өткөн маегиңизде “Айя экөөбүз дагы көп жолу чогуу ырдайт окшойбуз” дедиңиз эле.

– Ошентип айтыптырмынбы, ээ? Айя менен иштешпей калдык. Экөөбүз чыгармачылык жолубузду өз-өзүбүзчө улайлы деп чечтик. Себеби ал менин көңүлүмдү оорутуп койду. Азыр мен өңү бар, үнүмө үнү дал келген, жакшы ырдаган, аты чыга элек ырчы кыз издеп жатам. Ал кызды “60`К” тобуна кошуп алмакмын. Айя экөөбүз ырдайбыз деп даярдап койгон көп чыгармалар бар. Ошолорду иштеп чыгабыз, буюрса.

– Азыр элге алынуу үчүн эмне керек? Көп ырчынын арасынан кантип өзгөчөлөнсө болот? Айрымдар хайп аркылуу же өзгөчө имидж менен эл оозунда калууга аракет кылышууда.

– Интернет көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Интернет аркылуу хайп жасап атактуу болуп алсаң да болот. Бирок хайп жасай калайын, имиджимди өзгөртө калайын деген менин оюмда да болгон эмес. Мен үчүн бул оор нерсе. Антип чыга албайм. Имиджим, стилим ошол бойдон бир темпте эле кетет. Менин оюмча, талыкпай эмгек кыла бериш керек. Эмгектенсең бир күнү болбосо бир күнү бир жакшы ырың эл оозуна алынып, ошол ыр сага хайп, имидж болуп берет. Андыктан эмгек кыла берем. Быйыл өзүнөн-өзү эле “Эзилип бүттүм” деген ыр вирустай тарап кетпедиби. Ошол ырды аткарган баланын багын ачып койду. Ырдай бериш керек, жакшы чыгармаларды жарата бериш керек. Бир күнү хайп өзү эле келет.

– Сиз чыгармачылык үчүн курмандыктарга бардыңызбы?

– Ооба. Өзгөчө жаңы чыгып жүргөндө көп карызга баттым. Бир жерге “бир жылда 10 клип тартышым керек” деп маек берип алыптырмын. Ошону аткарышым керек деп чыгармачылыкка катуу киришип алып, карызым көбөйүп кеткен. Бирок ошентип жүрүп ийгиликтүү чыгармаларды жараттым.

– Өлкөдө бул жылы ар кандай саясий окуялар болду. Бир катар кадрлар менен катар Маданият, маалымат жана туризм министри да алмашты. Жаңы министрден кандай кадамдарды, кандай жаңылыктарды күтөсүздөр?

– Саясатка кызыкчу эмесмин. Бирок азыр кайда барба саясат сүйлөнүп жатат. Ооба, министр алмашты. Жаңы министр илимдүү, билимдүү жакшы инсан. Жакшы иштеп берет деген үмүтүм бар. Маданият үйлөрү иштегендей, ырчыларга тойлордо эмес, концерттерде ырдагандай шарттарды түзүп берүүгө алы жетсе жакшы болмок. Маданият тармагын өнүктүрүп, өстүрсө экен. Тилегим, үмүтүм ошол эле.

– Айрым ырчылар жаңы министрдин “мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүү керек” деген сөзүнө жооп кайтарууга үлгүрүштү. Сиздин пикириңиз кандай?

– Талап кылардын алдында талап кыла тургандай мамиле кылып, иш жүзүндө жок дегенде өзүнүн аракет кылып жатканын көрсөткөндөн кийин гана талап кылса болот. Анын бул сөзүн туура көргөн жокмун. Жок дегенде маданият тармагындагы кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берсин. Биз, жаш ырчылар ырдап өз жаныбызды багып жатабыз. Айлыкка гана жашап жаткан аксакалдарыбыз бар. Наам ала элек канча деген көзү тирүү таланттарыбыз бар. Акыркы кезде наам жаатында ичибиз ачышкан учурлар көп болду. Наам алгандарга каршылыгым жок. Бирок канча жылдардан бери эмгектенип келе жаткан аксакалдар албай жатканда жаштар алып кеткен учурлар болду. Ушул маселеге көңүл бурсун, калыпка келтирсин. Улуу муунга гана эмес, жаштарга, баарыбызга шарт түзүп бере алса, андан кийин гана талап койсо болот. Эч нерсе кылбай жатып “чара көрүш керек” дегенине жакшы пикир айта албайм.

– Жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшсөк, балдарыңызга кандай атасыз?

– Баары жакшы, рахмат. Мен үйдө жумшакмын. Катуу сүйлөй турган жерде катуу деле сүйлөйм. Анткени азыр балдарды көп эрекелетпеш керек деп ойлойм. Биздин балалыгыбызда телефон жок болчу. Кышында чана тээп, унаалардын артына жармашып алып муз тээп жыргачубуз. Чүкө, ляңги, ордо, кыз куумай ойночубуз. Бул сонун да. Азыр балдар менен балдар ойнобойт. Баары телефон чукулап отурушат. Мен балдарымды өзүм кандай балалыкта чоңойсом ошондой балалык өткөрүшүн каалайм, ошондой тарбиялаганга аракет кылам. Телефон чукуласа урушам. Китеп окугула, спорт менен машыккыла дейм. Мурдагы “Сениби, шашпа!”, “Том жана Жерри”, “Винни-Пух” мультфильмдерин көрсөтөм.

– Алгачкы баш кошкон учур менен 2-3 балалуу болуп калгандан кийин жубайлардын мамилеси өзгөрсө керек? Жылдар өткөндө сүйүү сыйга айланат дешет...

– Туптуура айтасыз. 2-3 жыл өткөндө сүйүү сыйга айланат дегенге толугу менен кошулам. Сүйбөйм деп айта албайм, аялымды сүйөм. Бирок көбүрөөк сүйүүнү балдарыңа берет экенсиң. Мурда аялыңды эркелетсең, кийин балдарыңды эркелетип калат экенсиң.

– Бош убактыңызда эмне менен алектенгенди жактырасыз?

– Аудио китеп угам, кино көрөм. Чыгармалардын үстүнөн иштейм. Үйдө ямахам бар. Аны менен обон жаратайын деп изденем. Азыр волейболго барып баштадым. “Карантин учурунда үйдө отуруп, үй-бүлөм менен таанышып чыктым” деп куудулдар айткандай, бул жылы үй-бүлөм менен көп убакыт өткөрдүм. Мурда үйдө көп болчу эмесмин. Бош убактымда балдарыма көңүл бурам, чогуу алфавит жаттайбыз, спорт менен машыгабыз. Ошону менен убакыт өтөт.

– Жакшы. Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик!

Перизат Музуратбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
23.11.2020. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Негатив жазбайын десе жаздырат да. Жубайыма деп ыр жазыпсын, " ал жубайыма эмес күйөрман кызга арналды дебей эле койбойсуңбу. Кимге арнасаң деле жөн эле койбойсуңбу. да иттин
23.11.2020. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
nurka_85,ошода аялына арнаса бир жери кемип кала тургансып өзүнчө эле еврого тооба
25.11.2020. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurka_85,Бул берилген интерьвюда дээрлик баары тушунбой калыптыр Талант мырзанын айткан созунун маанисин. Бахадыр Карабаев ырдаган ырдын текстинде " ЖУБАЙЫМДЫ СЕН ДЕП КЕЧЕ АЛБАСАМ" деген саптары бар угуп корсонор, демек бул ырдын тарыхы жубайга эмес,куйорман кызга арналган. Жакында Талант мырза ырдап чыкса угуп олтуруп айтмаксынар жубайыма деп ат коюп алып башкага арнап ырдаган го деп. Анткени ырдын толук мааниси ошондой.
25.11.2020. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Бир мен үчүн арналса да жүрөгүң,
Бирок бар го үйдө күткөн түгөйүм.
Бакыт кушуң адаштыбы, чүрөгүм?
Боло албаймын сенин эңсеп күткөнүң.

Кайырма:
Жалгыздыктын гүлүн жеңе албасам,
Сагынганда издеп келе албасаң.
Эмне кылам сени көрө албасам?
Жубайымды сен деп кече албасам.
Кандай кылам, күтсөң баралбасам?
Таңкы жылдыз күтүп туралбаса.

Сезилбестен күндөр өттү арадан,
Биз жолуктук байкоосуздан, кайрадан.
Махабаттан сүйүү сезим арнагам,<
windom түзөттү 2020-11-25 00:16:15
25.11.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
windom,Жогоруда жазган билдируумо факт. Окуп маанисин тушунсонор, уй булоосу бар ырчы жигит куйорман кызына арнап жатат жубайына эмес.....

Негизи кыргыздар биздин каныбызда барбы деп коем адамды ар тараптуу изилдебей туруп, бир тараптуу жамандай берген...
28.11.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
windom,тушунбоптур копчулугу.Жубайына ушул ырды ырдап берип жатканын элестетишсе тушунушот эле.Виндом брат,мен тушундум ырга,Таланттын айтканына.Кыжалат болбо ))).
23.11.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Айя капа кылган учурда деле сен эркектик кылып аны жарыя кылбай,ар кимибиз оз чыгармачылыгыбызды уланталы деп чечтик деп койсон боло,майдаланбай.
23.11.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ayabai maidalangan erkekterden eken.Erkek bashyn mn ayaldan kapa bolosunbu.Jubaiyma degen yr jubaiyma emes kuiorman kyzga depsin.Saga okshogon erkekterge kyzdar kuiorman bolboit....Jubaiyndy erkeletpei kalsan bashka erkekke berip koi. Erkeletip jurot.Saga chydap jashagan ayalyna rahmat.
25.11.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meken28, ошого мен дагы тан калдым. Ырдын автору эмес болсо да темасына карап жубайыма ырдадым деп койсо олобу. Куйормандардын арасындагы ойношума арнадым дегендей эле болуптур. Ушул баланын аялына жалко просто
25.11.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meken28, ошого мен дагы тан калдым. Ырдын автору эмес болсо да темасына карап жубайыма ырдадым деп койсо олобу. Куйормандардын арасындагы ойношума арнадым дегендей эле болуптур. Ушул баланын аялына жалко просто
23.11.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ырас эле болуптур иштешпей койгону
23.11.2020. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушунун аялына кылган маамилеси эч жакпайт да.Кичине эркектей болчу
23.11.2020. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушундай аялынын кадырына жетпеген эркекти башына башына чапсаң.
23.11.2020. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айяны акыркы акчасы да болсода муктаждарга берет,бироонун конулун оорутпайт деп журду эле,козун ачкан эчкен кыз.Кандай ыр жаратсада жубайыма арнадым деп койсо биз аялдар учуп калабызда бактылуу болуп,жакшы созунузду жч качан келинчегинизден аябаныз Талант мырза
23.11.2020. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
эртең Аясы чыгат дегин Талант көңүлүмдү оорутту деп.
23.11.2020. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушул ырчынын ар бир маектери жакбайт. Мурунку маегинде да аялы жонундо айткан созу жаккан эмес эле
23.11.2020. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул аткаруучуга эч соз жок негизи Талант деген эле аты болбосо талант чыгармачылык деген эч нерсе жок экен,озунун жазган 1куплет ыры болбосо эмнеси чыгармачылык,эмнени чыгарды ал бироодун ырын ырдаган кобунун колунан келет же голосу болбосо иииии куйуп кетем да,анан суйлосо эле биз чыгармачыл адамдар дегенде тугоносун да
23.11.2020. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Көңүлүн оорутуп ырас кылыптыр.Эми жат аялдарды мактабай жүрүңүз.Озунуздун аялыңызды мактап турсаңыз,аял сиз үчүн көп нерсеге даяр.
23.11.2020. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аялга болгон суйуу башка,балага болгон суйуу башка.Жубайындын конулун оорутуп суйлойт экенсин.Жакшынакай аялын бар экен.
23.11.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аялына боорум ооруду.
24.11.2020. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо кылдым жубайга эмес куйорман кызга арналган дегени эмнеси,аялына боорум ачыды.
24.11.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдарга эмес, озуно тарбия бер. Бала сени коруп тарбияланат. Мурунку замандын оюндары, мультфильмдери менен чонойтом деген туура эмес. Алдыга жылуу керек. Азыркы замандын талабы башка. Азыр балдар учун сонун мультиктер бар.
24.11.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озун телефон карап олтуруп, китеп оку, спорт менен машык дейсин. Биринчи озун улгу бол
24.11.2020. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Начар адам экенсин. Жубайы туруп, куйорман кызга арналат дегени эмнеси?! Дагы жаш, ондуу--тустуу кыз издейм дейт.
26.11.2020. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялына эле жалко.... Айя жакшы эле кылыптыр конулунду оорутуп
27.11.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айя дан откон жакшы киши жок депатат элего открнку маегинде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо