Омар “КОШ ЖҮРӨК”

№414 8-14-октябрь, 2010-жыл.

Жаңы клип

Омар “Америкада жүрүп клип тарттым” деп бизге сүйүнчүлөгөн эле. Учурда анын “Кош жүрөк” аттуу клиби калктын сынына коюлду. Клиптин кандай тартылганы тууралуу Омар өзү баяндап берсин.

КЛИП ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Америкадагы кадрларды “Cinema Max” студиясы, ал эми Бишкектеги кадрларды “CinemArt” студиясы тарткан.
Сарпталган каражат – 4500 доллар.
Башкы каарман – Рината аттуу кыз.
Узактыгы – 3 мүнөт 44 секунд.
Клип тартылган жайлар – Бишкек, Манхэттен, Бруклин, Брайтон-Бич.

– Омар, клипти көрүп, сени сүйүүгө кабылган го деп ойлоп калдым...
– Андай деле эмес. Ырчы болгондон кийин клиптерибиз биздин визиттик карточкабыз болуп эсептелинет. Андыктан болгон күчүмдү, эмоциямды клипте чыгарууга аракеттенип, образга кирдим.
– А клип кандайча тартылып калды эле?
– Негизи эле окуумду бүткөндөн кийин клип тарттырсам деп тилек кылчумун. Мына эми убактысы келип, тарттырдым. Клип тартуу боюнча негизги идея “Кыргыз клаб” клубунун жетекчиси Айбек Хакимовго таандык. Ал "биздин атыбыздан белек" деп тарттырып берди.
– Тартуу учурунда кандай кызыктар болду?
– Клип Америкада жана Кыргызстанда тартылды. АКШда океан жээгинде тартылган кадрлар бар. Сюжет боюнча толкун аябай катуу болушу керек эле. Атайын ал жердин толкунун көрүш үчүн бир күн мурун досторум менен барганда катуу толкун болуп жаткан. Аны көрүп сүйүнүп койгонбуз. Кийинки күнү өчөшкөндөй ал толкундан кабар жок. Кечке күтүп, акыры баарын сүйлөшүп койгондуктан, тартууга мажбур болдук. Ошонун айынан айрым жакшы идеялар ишке ашпай калды.
– Бул клибиң эмнеси менен өзгөчө­лөндү?
– Көпчүлүк мени "Омар жалаң эле башка улуттагы кыздарды клипке тарта берет" дей беришет. Бул жолу ошолорду эске алып, башкы каарманга Рената деген кыргыз кызын тарттык.
– Рахмат, Омар, маегиңе. Чыгармачылык эргүү каалайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(6)
08.10.2010. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар ийгилик каалайм! Азаматсын, клип дагы ыр дагы эн сонун.
08.10.2010. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азматсын Омар, албан албан ийгилик каалайМ!!!!!
09.10.2010. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар мен сизди суйомун.Мага чалып койгулааааааачы.please/
12.10.2010. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браво!!! Клип получился просто супер. Так держать! Удачи тебе!!!
14.10.2010. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын аты Рината эмес - РЕНАТА. Таза казак кыз. Бишкекте жашайт.
30.10.2010. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi mliiin,anda dagy bashka uluttagy kyzdy tarttyrgan turbaiby.emne bizde kyz kalbai kalganby(((.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо