№937 19-25-ноябрь, 2020-ж.
Чыгармачылыкка Eazy каймана аты менен аралашып жаткан ырчы Ислам Сагынов сүйүктүүсү Айсулуу аттуу бийкечке үйлөндү. Түгөйлөр 15-ноябрда борбордогу тойканалардын биринде үлпөт тоюн өткөрүп, жакындарынын батасын алышты. Эки жаштын жакшылыгына шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы ортоктош болду. Ырчы сүйүктүүсү менен 4 жылдай кыз-жигит катары сүйлөшкөн.
26 жаштагы ырчынын репертуарында “Сафари”, “Модели”, “Бомбита” (Баястан жана G-Voo менен биргеликте аткарган), “Ван Гог” (G-Voo жана Shukur Ali менен аткарган) жана башка ырлары бар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |