№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов жиу-житсу боюнча Панамерикалык чемпиондукта эки алтын медаль тагынды. Мелдеш 21-22-ноябрь күндөрү “Pans NO GI 2020 IBJJF” турниринин алкагында АКШнын Атланта шаарында болуп өттү. Алмаматов 2 салмак категориясында күч сынашып, экөөндө тең жеңишке жетти. Белгилей кетсек, Билимбек Алмаматов буга чейин көптөгөн турнирлерди багындырган. 2019-жылы жиу-житсу боюнча өткөн мелдеште чемпиондук курун коргоп, NAGA 2019 FALL турниринин эки жолку жеңүүчүсү аталган.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |