№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
Кытайда 6-ноябрда орбитага учкан Long March-6 спутнигинде Тяньянь-5 аппараты жайгашкан. Ал аппарат Жер шарын изилдеп эле тим болбостон, азырынча чыга элек 6G толкунун таратуу ишин да сыноодон өткөзөрү 23-ноябрда маалымдалды. “Интернет 5G аркылуу бериле баштайт” дегенди укканда кандай ылдамдык менен интернет колдонуп калабыз деп жаттык эле. 6G`ны эми элестетип көрүңүз.
5G миллиметрлик диапазондо 30-300 гектогерц ылдамдыгы менен берилери күтүлүүдө, башкача айтканда, 4G`дан жүз эсе бат. Маалымат алмашуу ушундай ылдамдыкта өнүгүп жаткандыктан 6G`ны сыноодон өткөрүү да негиздүү эле. 6G терагерцтик толкун менен берилет, тактап айтканда, 5G`дан да ылдамдыгы жогору болот. Азырынча булар болжолдонуп жаткан маалыматтар, ошондуктан алар сыноо үчүн спутникке байланыш системин эмес, тесттик билдиргичтерди орнотушкан.
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |