Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИДИШТЕРДИ ЖАРКЫРАТЫҢЫЗ!

№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.

Аялзатынын идиш-аягы жаркырап, үйү таза турса маанайы да көтөрүңкү болот. Келиңиз анда, идиш-аяктарды оңой тазалоо тууралуу окуп эле койбостон, иш жүзүндө да аткарып маанай көтөрөлү.

Казан-табаларды тазалоо

1. 5 аш кашык сода менен 5 аш кашык суутектин кычкылынан (перекись водорода) жасалган аралашманы казан-табаларга сүртүп, 20 мүнөт коё туруп, анан идиш жуучу зым менен жууп коёбуз. Казан-табаңыз жаркырай эле түшөт.

2. Кайнап жаткан 5 литр сууга 2 аш кашык сода кошуп, кир табаңызды ошол мискейге салып бир саат кайнатасыз. Ысык табаны аярлап алып чыгып, идиш жуучу зым менен жууп-тазалап коёбуз.

Аш тактайды тазалоо

1. Аш тактайдагы кирди кетирүү үчүн:

Кайнак сууну бетине жаба куюп, 1 аш кашыктан сода менен тузду себелейбиз. Үстүнө 5 аш кашык 7 пайыздык уксусту жаба куябыз. Бул учурда реакция жүрүп, быжылдап көбүрүп чыгат. Качан реакция бүткөндө губка менен тазалап жууйбуз.

2. Сода менен лимон кычкылын бирдей өлчөмдө алып, ага бир аз суу кошуп паста сымал суюктук даярдайбыз. Аш тактайга аралашманы сүйкөп 30 мүнөт коё туруп, анан суу менен жууйбуз.

3. Аш тактайдын бетине туздан себелеп, лимондун жарымы менен үстүнөн жышып, кийин таза суу менен жууп коёбуз.

Айнек идиштерди жалтыратуу

1. 2 литр кол күйбөгүдөй ысыгыраак сууга 2 аш кашык 70 пайыздык уксустан кошуп, бозоруп калган айнек идиштерди жарым саат салып коёбуз. Жарым сааттан кийин ошол сууда таза идиштерди губка менен жууп, муздагыраак суу менен чайкап көмөрүп коёбуз.

2. Ушундай эле жол менен уксустун ордуна этил же нашатырь спиртин кошуп жуусаңыз да жалтырап калат.

Маанилүү: Айнек, хрусталь идиштерди дайыма муздагыраак суу менен чайкасаңыз өңүнө чыгып жалтырап турат.


Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
05.12.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо