№939 3-9-декабрь, 2020-ж.
“Барселона” клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси испаниялык “Осасунанын” дарбазасына киргизген голун Диего Марадонага арнады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Месси беттештин 73-мүнөтүндө гол киргизип, урмат көрсөткөн. Каталондуктардын капитаны бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон “Ньюэллс Олд Бойз” клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.
Легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрда 60 жаш курагында көз жумган. Футболчу 1993-жылы аргентиналык “Ньюэллс Олд Бойз” клубунун намысын коргогон.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |