Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Самара Юсупова: “ЖОЛДОШУМ 4 БАЛА МЕНЕН ТАШТАП, БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛДЫ”

№940 10-16-декабрь, 2020-ж.

Бул жолку каарманыбыз бир үйдүн жүгүн жалгыз тартып жаткан 33 жаштагы Самара Юсупова. Жолдошу Москвага иштегени кетип, 4 баласы менен таштап, башка бүлө күтүп алганын айтат. Юсупованын айтымында, бул аз келгенсип жолдошу балдарга жардам бербейт.

“УУЛУМ ТӨРӨЛГӨНДӨ ЖОЛДОШУМ КЕЛБЕЙ КОЙДУ”

– Мен Оштон болом. 33 жаштамын, 4 уулдун энесимин. Жолдошум менен бирге 13 жыл жашадык. Москвага барып иштеп келип жүрчүбүз. Кичүү уулум боюмда болгондо өзү жалгыз иштегени кеткен. Төрөгөндө жолдошум келбей койду. Уулум азыр 5 айга толду. “Башканы алып алдым” деп алдыма келгенде анын эмнеге бизден безип жүргөнүн түшүндүм. Тигил келиндин айтымында, алар Москвада чогуу жашап жүрүшүптүр. Азыр Ош шаарында жашап жатышат. Күйөөм бир аял үчүн 4 баласынан баш тартып басып кетти. Ал келиндин үй-жайы, унаасы бар экен. “Мага күйөө керек, мен өзүм багып алам” дейт экен. Күндөшүм экөөбүз урушуп кеткенбиз, менин ордумда кайсы аял болбосун урушмак да. Эшигимдин алдына келип жолдошума талак бердирип, мени менен уруштуруп кеткен. Кийин дагы базардан көрүшүп калсак мага асылып, намысыма шек келтирип, ар кандай сөздөрдү айтып туруп алды. Урушуп, жулмалаша кеттик. Ал деле мени жулмалап, муштуму тийген болчу. Бирок биринчи барып догурунуп “мени уруп-согуп кетти” деп үстүмдөн арыз жазып салыптыр. Азыр ишим сотто. Эми күндөшүм “нике күбөлүгүн жокко чыгарса тосмо арыз жазып берем” деген шарт коюп жатыптыр. Чынында менин тынчымды албай жайыма коюшса аны менен урушайын деген деле оюм жок болчу. Кийин мен да арыз жазсам “окуянын убактысы өтүп кетти” деп арызымды карабай коюшту. Арызымды карабай коюшканы үчүн прокуратурага милициянын үстүнөн арыз жаздым.


“СОТТУК ИШТЕРДЕН БАШЫМ ЧЫКПАЙ КАЛДЫ”

– Уулдарымдын улуусу 12 жашта, кайненемдин колунда. Кичинекейинен багып чоңойтушту, бирок баламдын өзүмдө болушун каалайм. Кайын журтум “өзүңөр турмуш кургансыңар, өзүңөр чечкиле” деп коюшту. Азыр мага өз туугандарым жардам берип жатат, кээде эл арасынан деле азык-түлүк алып келип жардам бергендер болот.

Мен алимент, кошумча акы боюнча сотко арыз менен кайрылгам. Жолдошумдун Алайдагы үйүндө каттоодо тургам. “Балдарың менен ошол үйдө жашайт экенсиң” деп алиментти жокко чыгарып салышты. Бирок фактыга таянсак, 3 бала дайыма мени менен жашайт. Кайра бул иштин үстүнөн доо арыз жаздым. Кенже уулум кичинекей болгондуктан 3 жашка чейин кошумча каражат төлөнүшү керек экен. Соттон улуу баламды да өзүмө алып беришин суранып жатам. Азырынча бала менен үйдөмүн, иштей албайм, бирок иштеп балдарымды бакканга кудуретим жетет.

Кичинекей баламды көтөрүп алып күндүн суугунда ар кайсы укук коргоо органдарынын эшигин каккылап жүрөм. Бүгүн да экинчи тарап келбей коюп сот жылып кетти. Мен ажырашууга макулмун, мени жайыма койсун деп жатам. Төрт баласынан кечип, аларды карабайм деп кетип калган күйөөдөн эмне жакшылык болмок эле? Жолдошумдун карыздарын жаап, документтерин алдырып жибергенде алып берип “кой, бул балдарымдын атасы” дечүмүн. Менин кадырымды билген жок. Аялын алдыма алып келгенде “мейли, жашасаңар жашай бергиле, балдарыңды баксаң болду, менин тынч жашагым келет” дедим. Ага да болушкан жок, менин тынчымды алып жатышат. Соттордон башым чыкпай калды. Эми сот адилет чечим чыгарып, балдарымдын баары өз колумда калса, жолдошум милдеттүү алиментин төлөсө деген эле тилегим бар.


Динара Акимова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(18)
14.12.2020. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мал тура куйоон. Башы менен эмес башка жагы менен ойлонот тура эшек
14.12.2020. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
озунун эмес куйоосунун суротун чыгарса болмок, кандай акмак адам экенин буткул кыргыз эли корсун,мындай акмактарды жер кантип которуп журот,омур бою жакшылык корбой, ошол балдарына зар болуп отсун.
14.12.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошо куйоо керек деген катыны дагы бир куну уйунон кууп чыгарат,балдарынды таштап кеткен эркектен эмнени кутсо болот деп кочугуно тоголото тээп салат.Журсун машинасына,уйуно алданып.Балдардын кусуру урсун.Ат айланып казыгын табат.Кор болот ошо эр сорой эркекмин деп когурогун корсоткон эркектердин опкосуно суук тийсе экинчи катыны жогол дейт.Оорукчан эркекти башыма жаздык кыламбы деп.Кочодо калат ошо эркек,балдарымдын атасы деп кечирип койбостон сенен тууган эмесмин деп кутулган жакшы атасынан
14.12.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кийинки санында экинчи жакты чыгарат болуш керек
14.12.2020. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
sezima93,Бирок мин актанса да торт баланы кечууго кандай дити барат,балдардын убалы уктатпасын тиги аялды да
14.12.2020. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,мен бул кызды эн сонун тааныйм кандай экенин да билем ошого айтып жатам
14.12.2020. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кунаажын көзүн сүзбөсө бука мурунтугун үзбөйт.Үйү машинасы менен азгырып алыптыр да башы жок эркек сөрөйдү
14.12.2020. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Төрт баланын кусуру урсун жеңил ой акмактарды
14.12.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Билип билбей эле каргай бересинерби куйоону Бир себеп бар болбосо таштабаса кк.эле балдарын Ошого жеткиргендир Балким бул жакта Аппак болуп аткандыр Озу дагы оз козун менен кормойунчо ишенбейсин да
14.12.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Aybiyke,кандай болгон күндө да балдарынын энесин мындай акыбалга койбош керек эле төрт бала төрөгөндөн кийин билиптирби жаманын тигиси менен барып талак берип өтө төмөн түшүп кеткен
18.12.2020. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aybiyke,Аялын таштаса да балдарын багышы кк да
14.12.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аялдын үстүнө кирип алган эркек,кантип балдарына алимент төлөгөнгө кудурети жетмек...уят эркек болбой өлсүн!!!алементти берсе өз балдарына берет го.
15.12.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жолдошунун уйундо жашаса жашабаса да алиментти толоо керек. Балдарды коргоо комитетине кайрылыш керек.Адвокатка эл акча чогултуп берсек,оз канынан жаралган баладан озгонун аялы артык болгонун корсотуп койсо.Мындай аталар бизде бар экени ото кейиштуу.
15.12.2020. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жазанды Кудай берсин.Оз баландан жуз кечсен,зарлап от бала деп.Балдардын апасына сабр тилеймин.
16.12.2020. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарыныз бар, бактыныз бар экен. Ошолордун узурун корунуз. Эртен чонойушса бул кундор унутулат. А тиги ата соройду кудай озу жазалайт, буйруса
16.12.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйооон, аялга тийип алыптырда.
18.12.2020. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийин бужуройуп келгенде кочого кууп чыгыныз, ошондо тен болосунар
19.12.2020. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым ОЗУ колдосун бул кундор да отуп кетеер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо