№941 17-23-декабрь, 2020-ж.
Кыргызстандык жеткинчек Элес Намазалиева муз үстүндө бийлөө боюнча Австриянын чемпиону болду. Бул маалыматты анын атасы Капар Намазалиев тастыктады.
Өлкөнүн чемпиондугу 10-12-декабрь күндөрү Линц шаарында өткөн. Ага Австриянын бардык шаарынан келген жеткинчектер катышкан. Элестин атаандаштары андан 2-5 жашка чейин улуу болгонуна карабай, кыз баш байгени жеңип алды.
Кичинекей чемпион 9 жашта, көп жылдан бери ата-энеси менен Линц шаарында жашайт. Ал спорттун бул түрү менен 2015-жылдан бери машыгып келет. Учурда муз үстүндө бийлөө боюнча аталган өлкөнүн курама командасынын мүчөсү.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |