№941 17-23-декабрь, 2020-ж.
Гезитибиздин өткөн санында “төрт балам менен жолдошум таштап кетти” деген Самара Юсупова аттуу келиндин маеги чыккан. Андан кийин кайненеси жана жолдошу байланышып, алимент төлөөгө даяр экендиктерин, балдардан эч убакта баш тартпай тургандыктарын айтып өз пикирлерин билдиришти.
“БАЛАМ АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨДӨН КАЧПАЙТ”
Келиндин кайненеси Кандалат айым төмөнкүдөй пикирин билдирди:
– Уул-келиним өздөрү табышып баш кошушкан. Бири-бирине арка-жөлөк болуп жашап кетүү да өздөрүнөн көз каранды эле. Мен бирин эле күнөөлөбөйм, экөөндө тең бар. Бирок аял бала менен күйөөнү байлап алам деп ойлосо жаңылышат. Күйөөгө дагы жакшы мамиле, жылуу сөз керек да. Кечке эле ажылдап урушуп, итче кубалай берсе күйөөнүн көңүлү калат. Акча алып келген күнү киши болуп үйгө кирсе, акчасы жок күнү укпаган сөздү угуп куулса, балам деле тажайт да. Балдарды ара жолдо калтырбаш үчүн ата дагы, эне дагы ойлонушу керек. Бул улуу келиним, келин болуп келгени үйгө келип бир кызмат кылган жок. Айылга турбайм деди, ага дагы макул болгонбуз. Жамандык болобу, жакшылык болобу, айылга бир келип койгон жок. Жайына койгом, киришчү дагы эмесмин. Келин менен жаман-жакшы айтышканым жок. Эне катары анын ушул тагдырга туш болуп калганына жаным кейип турат. Балдарыма дайыма жардам берип келгем, дагы деле жардам бере берем. Өзүбүздүн неберелерибиз, биз алардан баш тартпайбыз. Улуусу кичинекейинен менин колумда. Эгер неберем өзү кааласа апасына бергенге макулбуз. Бага албайм, алгыла десе, баарын бакканга да даярмын. Экинчи неберемдин сабагына сарсанаа болуп класс жетекчиси менен байланышып турам. Балам алимент төлөөдөн качкан жок. Бардык документтери ал келинде болчу, эми документин колуна бербей жатат. Ошол себептүү уулум сотко катыша албай келет. Анан дагы нике күбөлүгүн жокко чыгарууга каршы болуп жатса алимент кантип төлөнөт эле? Биз балдар үчүн жашагыла дедик, болушкан жок. Экөөнө тең бакыт каалайм. Келиниме күчтүү болуп балдарды чачыратпай бир түндүктө карма дегенден башка эмне дейт элем?
“АЗЫРКЫ КЕЛИНЧЕГИМ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕН”
Самара Юсупованын жолдошу Улан мырза өз оюн билдирди:
– Таштап кетти деп бир беткей мени жектеп жатышат. Бирок мындай учурда аялдын эле эмес, эркектин деле укугу корголушу керек да. Беттен алып урушуп үйдөн кубалай берди. Иш болбой калып акча жок барсаң киши катары көрбөйт. Мен анын жоруктарына чыдап 13 жыл балдар үчүн жашадым. Жамандыкка же жакшылыкка барбай дос-туугандын баарынан алыстап бүттүм. Мен жыргаганымдан башкага үйлөнгөн жокмун. 5 күндүк кыска өмүрдө мен деле сый сөзгө татып, тынч жашашым керек да. Үй-жайы бар келинге кетти дегени чындыкка дал келбейт. Биз батирде эле турабыз. Анын кеби эле кеп боло береби? Бирок мен балдарымдан баш тартпайм. Кабар алып, жардам берип турам. Ата-энем да жардамын аябайт. Төрт балабыз бар. Улуусун кичинекейинен ата-энем багып чоңойтушту. Үчүнчү баламды уулум жок деп кайнатам багып алган. Колубузда экинчи жана кичүүбүз бар. Алимент төлөөдөн дагы качпайм. Алар менин балдарым. Менин бардык документтерим Самарада болчу. Менин өздүгүмдү тактаган бир дагы документим жок болгондуктан сотко катыша албай жатам. Ал эми менин кийинки келинчегиме өзү келип кол көтөрүптүр. Ошондо бул да ызаланып милицияга арыз жазган. Ал деле соттошуп жүрүүнү каалаган жок, тосмо арыз жазып берген.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Буга окшогон арам тамактарга кудай коргозсун.
Балким чындыгы бардыр, бирок, жаман келинди же аялды 4 бала торогучо неге кармап отурат? Келип келип эле ким көчөдө балдары менен калды? Ким жаман аял жаман. Эркек тажаган имиш. А мага келсек, меники өмүр бою иштеген эмес, дагы деле ата энесинин колтугунда бекинип жатат. Аялы иштеп тапкан акчага баары кожоюн.
Кой деп 4 балам үчүн деп баарына чыдап жашап жүрүп оорукчан болуп калышыма аз калды. Мен көргөн күндү душманыма да каалабайм. Дөңгөлөк илип сабаган бул жакта эле калч
Сотко берген менен эшегинен чому кымбат экен. Үйдү баалатып болдургону 10-15 % госпошлина төлөш керек экен. Ар эшикти каккылап чуркаш керек экен. Бирөөнүн мээнети бирөөгө аш болмок беле, кудай бар. Калган куч кубатты өзүмө, бир туугандарыма берсин. Балдарым ошолордун тарбиясын албай чоңоюп жатканына шүгүр. Калганына кудай тараза!
Ноокаттын Шанкол деген айылынан болот.