Чолпонай: «САХНАЛАШТАРЫМДАН МОДАЛУУ КИЙИНГЕНИМ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨМҮН»

№414 8-14-октябрь, 2010-жыл.

Акыркы үч жылдан бери кыргыз шоу-бизнесинде Чолпонай деген ысым жаңырып келет. Чолпонай 2-классынан тарта “Ак шоола” балдар хорунда ырдап, өспүрүм кезинде “Кылым” тобунун ырчысы болуп такшалган. Учурда жеке ырчы.

– Чолпонай, продюсериң Эрнист жок жалгыз келдиң да. Адатта экөөңөр дайыма ээрчишип жүрчү элеңер...
– Эрнист экөөбүз клип тарттыруу, ыр жаздыруу учурунда чогуу иштейбиз. Ал эми сүрөткө түшөрдө, интервью берерде жалгыз эле жүрөм.
– Өткөндөгү сандарыбыздын биринде “Түркияга эс алуу үчүн билет утуп алдыңыз, алып кетиңиз” деп "Тамаша тор" рубрикасынын негизинде сага телефон чалсак, Эрнист дароо “мен күйөөсү болом, эмне керек?” деп буркулдады. Муну кандай түшүнсөк болот?
– Ырчы кыздарга кызыккан жигиттер көп. Ошолор телефон чалып тийише беришет. Досторум же Эрнист чалып “күйөөсү болом, экинчи чалбай жүр!” деп коркутуп коюшат. Чын эле ошондон кийин тийишкендер азаят.
– Биз Эрнист экөөңөрдү кыз-жигит деп угабыз...
– Эрнист экөөбүздүн ортобузда чыныгы чыгармачылык достук бар. Жигитим жок десем, тааныштар “анда сени тиги менен, бул жигит менен тааныштырабыз” деп чыгышат. Бар десем “ким ал?” деп тажатышат. Ошондуктан бул суроого ачык жооп бербейм.
Чыгармачыл адамдарды көптөгөн ушак-айың ээрчип жүрөт эмеспи. Апам мен жөнүндө кеп угуп калса капаланып, “Чопа, сени тигил жигит менен сүйлөшөт деп уктум, ушул чынбы?” деп териштирип кирет. Ал мени өзү каалаган жигитке турмушка бергиси келет.
– Балдарынын баарына эле өзү тандагысы келеби же сага элеби?
– Эки иним, бир сиңдим кичине да. Азырынча мени эле ошенте берет. Атамдын болсо мындай менен иши жок.
– Кичине балдарды жакшы көрүп, эзиле карап жатканыңа караганда, балалуу болгуң келип калганбы дейм?
– Инилерим Асан менен Үсөн эгиз. Мен онго чыкканда төрөлүшкөн. Сиңдим Жаркын инилеримден бир жашка гана улуу. Үчөө тең кичинесинде кечкисин көп ыйлашчу. Түнкүсүн ыйлаган боюнча үч жакка кетишет. Анан мен каралашам. Ошондон болсо керек, бала туруп кичинемден эле балдарды жакшы көрөм. Азыр, болгону, 21 жаштамын. Ошондуктан балалуу болгонго шашылбайм. Биринчи тил үйрөнүп, карьера куруп, анан турмушка чыгам. Жапжаш турсам деле туугандарым телефон чалып “качан турмушка чыгасың?” деп жинге тие беришет.
– Өзүң жеткинчек убагыңдан бери музыка дүйнөсүнө сугарылып келе жатасың. Талант кимден өткөн?
– Мага талант таятамдан өткөн. Таятам бирөөдөн үйрөнбөй эле, өзү үйдөн комуз үйрөнүп алган экен. Жана журналисттик кесиптин ээси. “Ак шоола” элдик үлгүлүү театрлаштырылган балдар хору мен окуган мектепке көчүп келишпесе, балким, чыгармачылыктан сырт өсмөкмүн. Мен борбордогу №64-мектепте окудум. Музыка мугалими биздин класстагы балдардын ырдаганын угуп көрүп, Төрөкул экөөбүздү хорго тандап алган. 7-класста окуп жатканымда Эрнисттин аракети менен “Ак шооланын” курамындагы өспүрүмдөрдөн “Кылым” тобу түзүлдү. Бул топ алгач “Взрыв” деп аталган. Топтун балдары "бизге келип ырда" деп чакыра беришчү. Мен "жок, барбайм, мага костюмдарыңар жакпайт" деп макул болчу эмесмин. Башка кыздар “мени алгылачы” деп суранышканын көп уккам. Аларга карабай эле мени чакыра беришчү. Акыры “ырдаса ырдап көрөйүн, жакса калам, жакпаса кетем” деп ырдап көрүп калып калгам.
– Көп кыздардын суранганына карабай, эмнеге сени тандашты?
– Башкалардан өзгөчөлөнүп турган кыз элем. Кыргыз класстагы кыздарды теңиме алчу эмес окшойм, орус класста окуган үч кыз менен курбу болчумун. Башка кыздар дайыма биз жөнүндө сүйлөшүп, бизге теңелгилери келе беришчү. Орусиянын журналдарын сатып алып, андагы кыздарды туурап кийинчүмүн. Узун байпак менен туфли кийип алсам, “бул эмне болуп кийинип алган?” деп таң калып карашат да, анан мени туурай башташчу. “Кылымдын” жигиттери менин ушундай өзгөчөлүгүмдү, өзүмдү алып жүргөнүмдү жактырышкан. Азыр деле модалуу кийингеним менен ырчылардан өзгөчөмүн.
– Топто төрт жигит, бир кыз элеңер. "Мага шерик болсун, дагы бир кыз алгыла" деген жоксуңбу?
– Эрнист кыз-эркек деп бөлбөй, “Ак шооладагы” тың балдарды чогултуп топ түзүп алган. Мени топко алышкандан кийин, башка кыздарды алуунун кажети жок болуп калган. Өзүм деле "кыз алгыла" деп суранган эмесмин. Топтогу Төрөкул деген жигит классташым. Төрөкул экөөбүз мектепте да, хордо да, кийин БГУда да чогуу окудук.
– Кайсы факультетке тапшырдың эле?
– Журналистика факультетин ушул жылы бүтүрдүм. Учурда англис тилин терең үйрөнүү үчүн курста окуп жатам. Курсту бүткөндөн кийин, буюрса, TOEFL (англис тили боюнча тест) тапшырам. Бул сынактын суроолору аябай оор болот. Эгер туура жооп берсем, Вашингтондон “англис тилин жакшы билет” деген сертификат келет. Мындай дипломдун ээси болсом, биздин эле өлкөдө эмес, чет жерде да жумушка орношууга жеңилдик бар. Ал эми 2011-жылы Юридикалык академияга тапшырам деп турам.
– "Стресстен бат толуп кетем" дедиң эле, бул толуктугуңду жашыруунун шылтоосубу? Дегеним, жаш кыз кандай стресске кабылышы мүмкүн?
“Мурун аябай арык кыз элең, эмне толуп кеттиң?” деп көп сурашат. Мисалы, сессия учурунда декан менен көп түшүнбөстүктөр болгон. Жакшы окуганыма карабай, кайдагы бир шылтоолорду таап алып "окуудан чыгарам" дей берчү. Апамды да окуу жайга чакырткан күндөрү болгон. Мен университеттин деңгээлиндеги сынактарга, концерттерге катышчумун же алпаруучу болчумун. Декан болсо “сен эмне факультеттин атынан чыкпайсың?” деп жаман көрө берчү. Негизи, майда-чүйдө сынак, концерттерге катышкым келчү эмес. Кыскасы, жакшы окугандыгым менен акыры деканды жеңгем. Мына ушундай ойлоно турган учурларда толуп кетем.
– Азыр чыгармачылыгың­дан, тил үйрө­нүү­дөн сырткары эмне менен алек болуп жатасың?
– “Супер ТВ” телеканалында “Жылдыздуу үй” деген долбоорду алпара баштадым. Биринчи өзүмдүн үйүм тууралуу тарткан элек. 10-октябрда эфирге чыгат. Меникинен сырткары дагы беш-алты ырчынын үйүндө конокто болдук.
– Сиңди-инилериң чо­ңо­юп калышты да, үй жу­муш­­тарынан арылган турбай­сыңбы?
– Үчөө тең окуудан кечки саат беште келишет. Алар келгиче тамак жасап коём. Ишемби, жекшемби күндөрү үйдө болушат да, “кичине кезиңерде мен силерди баккам. Үй жыйнагыла” деп башкарып алам. Үчөө чогуу бир класска барышкан. Азыр Жаркынай менен Үсөн 5-класста окушат. Асан жакшы окугандыктан, экөөнү бир класс аттап кеткен.
– Ырларыңдын стили бөлөк ырчыларга салыштырмалуу башкача. Чет элдин ырчыларын туурайсыңбы?
– Негизи, чет элдин музыкасын көп угам. Ошондон улам өзүмдүн идеямды айта келгенде алардыкына окшоп калат.
– “Кылым” тобу эмне себептен тарады да, Эрнист сага кандайча продюсер болуп калды?
– Биз элге аты чыккан топ бололу деп түзүлгөн эмеспиз. Ар бирибиз ырдагыбыз келгени менен, алдыга койгон максаттарыбыз ыр чөйрөсүнөн алыс болчу. Ошого карабай эл анча-мынча таанып калды. 1-курстан ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик. Эрнист "ырдабайм" деп үн режиссёрлукту үйрөнө баштады. Мага “Ак шооланын” жетекчиси, Эрнисттин апасы Гүлмира эже “Балалык” деген ыр жазып берди. Эрнист ага аранжировка жасады. Радиолорго кимдир бирөөлөр аркылуу жетип, сурангандар көбөйдү. Ошондон кийин концерттерге чакыра башташты. Анан гастролдорго чыгуу керек болуп, үч жылга келишим түзүп алдык. Келишимде эмнелер жазылганын окуган деле эмесмин. Анткени бизде шоу-бизнес күчтүү эмес, соттошконго жетпейбиз.
– Кандай максаттар менен жашап келе жатасың?
– Эң биринчи максатым – телеалпаруучу болуу. Андан сырткары репертуарымдагы ырларымды көбөйтөм. Азыр болгону 6 эле ырым бар.

Сүйүн Кулматова
star
@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(33)
08.10.2010. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунду мактагандан башканы билбейт экенсин да
09.10.2010. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужасс.... как так можно...
Эрнис тебе не муж.... да, не муж он тебе насколько я знаю хуже мужа
если ты модная.. то я тогда незнаю даже...
учись быть простым.. это тебе принесет больше славы..
09.10.2010. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanda baaryle modnyi kiyinishet eken,bashkasynan kalsada Modadan kalyshbait.... Echkandai dele ozgocho taba albadym....soryy
09.10.2010. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menikindei ele kiüinesingo e4 kandai ozgo4oluktu baikagan jokmun.
09.10.2010. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baarynarga koshulup koeun4u...Baikashym4a,"En suluu jana en modaluu MEN"- degen ekensin!!!
Kantse dagy dieta oshol biyiktiginen tushup ketpegenine jakshy ele jardam bolmok...
09.10.2010. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча мактанат ужаааас уят эле
09.10.2010. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОЗУН МАКТАГАНДАН ОЛГУЧО КАЧ ДЕЙТБЕЛЕ.
10.10.2010. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bednaya kak ee tut razbombili,birok interviusun okuusan adamdin janin kashaitat eken!!!
10.10.2010. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонааааай! АЙДАГАНЫН БЕШ ЭЧКИ,ЫШКЫРЫГЫН ТАШ ЖАРАТ! Уйундо уруп чыгаар итин жок болгондон кийин, мактанбай эле койсончу!
10.10.2010. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казактын каны сага кайдан кирип кеткен?Чолпонай жонокой болчу!
10.10.2010. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cholponay ayabay ele maktanyp salyptyrsyn! Kyrgyzda makal bar "Jaman ozun maktayt"- bolup kalyptyr. anday dele ozgocholugu dele jok eken.
10.10.2010. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыргыз класстагы кыздарды тениме алчу эмес окшойм" дегенинин озу эле денгээлиндин ошончолук пас экенин далилдеп турат.Ой тобоо эл оозундагы адамдын дагы суйлоор созу ушулбу?С.Кулматова сизге чон рахмат чыдап ушул кыздын мактанганын угуп отура бергенинизге
10.10.2010. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто ужас колхоз соз жок
11.10.2010. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
exx aivai jakwunakai kusdar birokchu.......biras turames kulup koiuptur......osu dele asur okup osunun interviusun biras okunup kalsa kerek de oiloim...
11.10.2010. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modaluu kinem dep aitip koiuptur emnesi jaman,i4ibiz taar ekenin bilgizbeilik4i tuugandar,bul da bizdin kirgiz elinin kizi da jakwibi jamanbi.
11.10.2010. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мин кыргыз эли болсо да озун мактабай ле койсо болмок! слишком эле озун ойдодо сезет экен!
11.10.2010. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман мактаныпсын го...
11.10.2010. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ТВ” телеканалында “Жылдыздуу үй”долбоорду алпараганын Медиа-порталга жуктоп койгулачы сураныч!!! Биз коро албай койдук..
11.10.2010. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдики озуно ай корунот козуно! Балким озунун кийингени озуно жагат. Бирок аны мактанбай эле койсо болмок. Ушинтип интервью берем деп коп ырчылар оздорунун адамдык сапатын ачыкка чыгарып алышат да.
11.10.2010. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ии анча эле мактаныпсынго ээ
11.10.2010. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozundu ayabai maktaptyrsyn go!?
"Мени топко алышкандан кийин, башка кыздарды алуунун кажети жок болуп калган."
"майда-чүйдө сынак, концерттерге катышкым келчү эмес."
Gollivuddagy jyldyzdardai belgiluu bolson takyr ele olturmok ekensin da!?
murunku interv'unda ke4inde tattuu jebesem uktai albaim degensin,anan tatuudan tolbogondo stressten tolobu,ya!?
12.10.2010. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кыз мага жагат. Айрыкча эркелеп сүйлөгөнү.
12.10.2010. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец оптимистично.... озун озу мактабаганда ким мактайт...так что всем молчать...
12.10.2010. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы. Тукумунда Таластыктар бар окшойт.
13.10.2010. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маленькая еще,толком себя преподносить не умеет..посмотри на Атабекова как он себя пиарит,поучись у него.. :) но как ты упала перед глазами своих слушателей,потеряла авторитет..Мне тебя жалко,надеюсь,что ты хотя бы после интервью пожалела о многих сказанных словах,если нет,т
13.10.2010. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не то что Таластык!опкосу жок казактар мунун жанында эссс алып атышат де!!!Ашш денем дуркуроп кетти
14.10.2010. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прежде чем такое интервью давать, лучше бы пару кг. сбросила..а о моде я просто молчу, есть по лучше певицы..такое интервью не достойно даже в Супер чтобы выходило..
14.10.2010. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
все должно быть в меру, учись правильно преподносить свои мысли
15.10.2010. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas uwun4a da maktanasinbi? kudaidi karasan bolo.. sende voobwe ele opko degen jok kalgan go.
15.10.2010. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
heeeeheeee heee bashka soz jok...:)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: