Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№945 14-20-январь, 2021-ж.

  1. ФУНЧОЗАДАН ТҮРДҮҮ ДААМДАР

  2. Фунчозаны кытай кеcмеси катары таанып, өз ашканабызда кеңири колдонуп келебиз. Бул азык зат алмашуу процессин жөнгө салууга, көрүүнү жакшыртууга, сөөктөрдү бекемдөөгө жардам берет. Жаңы жылдык майрамдардан кийин көпчүлүк жакшы көргөн фунчозадан түрдүү даамдарды даярдоону туура көрдүк.

  3. ФУНЧОЗАДАН ТАБРИС ШОРПОСУ

  4. Керектелүүчү азыктар:

    Уй эти – 500 грамм

    Фунчоза – 100 грамм

    Картошка – 2 даана

    Сабиз – 2 даана

    Помидор – 2 даана

    Болгар калемпири – 1 даана

    Калемпир (чили) – 1 даана

    Соя соусу – 3 аш кашык

    Кургатылган сельдерей – 1 аш кашык

    Лавр жалбырагы – 2 даана

    Туз, мурч – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1) Фунчозаны муздак сууга 30-40 мүнөт чылап коёбуз. Уй этин казанга асып, кургатылган сельдерей, туз-мурч кошуп кайнатабыз, бышып калган учурда лавр жалбырагын кошобуз.

    2) Бышкан этти чыгарып чоң-чоң кылып узунунан туурайбыз. Андан соң казанда калган шорпосун чыпкалап, муздатып, бетине тоңуп калган майын калпып алабыз. Чыпкаланган шорпону кайра отко асабыз.

    3) Помидорду төрт бурчтук туурап, болгар калемпирин жука тилкелерге бөлүп, сабиз менен картошканы сүргүчтөн өткөрүп шорпого салабыз. Татымына жараша ачуу калемпир кошобуз. Мындан соң тууралган этти да салабыз.

    4) Суудагы чыланган фунчозаны чыгарып алып, 6-7 сантиметрден бөлүп, казандагы шорпого кошобуз. Татымына жараша соя соусун кошуп, дасторконго сунабыз.

  5. ГРЕЧКА ФУНЧОЗАСЫНАН САЛАТ

  6. Керектелүүчү азыктар:

    Гречка фунчозасы – 250 грамм

    Тоок филеси – 1 даана

    Козу карын (шампиньон) – 150 грамм

    Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

    Бальзамикалык соус – 2 аш кашык

    Күнжүт – 1 чай кашык

    Туз, мурч – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1) Гречка фунчозасын таңгактагы ыкмасы менен сууга кайнатып бышырабыз. Андан соң суусун сарыктырабыз.

    2) Козу карындарды жука тилип туурап, сабизди сүргүчтөн өткөрүп, болгар калемпирин, этти төрт бурчтук туурайбыз.

    3) Козу карындарды күчтүү отто кууруп алабыз. Бул процесс болжол менен он мүнөткө созулат, анткени пайда болгон суусу толугу менен бууланып кетиши керек.

    4) Тууралган жашылчаларды козу карынга кошуп, үч мүнөт кууруйбуз.

    5) Отту азайтып, этти жана татымалдарды кошобуз. Тоок эти 20 мүнөттөй жакшы бышырылышы керек.

    6) Андан соң отту өчүрүп, куурулган массага фунчозаны кошобуз. Бальзамикалык соустан куюп, күнжүт себелеп аралаштырабыз. Салат даяр!

  7. ТООКТУН ЭТИНЕН ФУНЧОЗА ТАМАГЫ

  8. Керектелүүчү азыктар:

    Фунчоза – 250 грамм

    Кызыл пияз – 1 даана

    Тооктун төш эти – 400 грамм

    Болгар калемпири – 1 даана

    Помидор – 1 даана

    Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

    Соя соусу – 50 мл

    Туз, мурч – татымына жараша

    Ашкөк – 1-2 талча

    Даярдоо ыкмасы:

    1) Жашылчаларды жууп-тазалап, төрт бурчтук же узун-узун кылып туурайбыз. Тооктун төш этин да орточо көлөмдө төрт бурчтук туурайбыз.

    2) Пиязды өсүмдүк майына кызарта кууруп, болгар калемпирин жана помидорду кошуп, 5 мүнөт демдейбиз. Андан кийин төштү кошуп, туз, мурч салып, орточо отто демдейбиз.

    3) Фунчозанын үстүнө кайнак суу куюп, капкак жаап 5 мүнөт коёбуз.

    4) Эт бышып ортолоп калганда соя соусун куюп, бышканча орточо отто демдейбиз. Фунчозаны жумшаргандан кийин кайнак суудан чыгарып, муздак суу менен чайкап, суусун сарыктырабыз.

    5) Куурулуп бышкан жашылча жана тоок этине фунчозаны кошуп, жакшылап аралаштырып тузу сиңишкенче коё туруу керек. Даяр болгон тамакты ысык боюнча да, муздатып да берсе болот. Тарелкаларга салынган фунчоза тамагын ашкөк менен кооздоп, дасторконго сунабыз. Тамагыңыз таттуу болсун!
     

  9. Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо