"СҮЙГҮЛӨ, СҮЙҮКТҮҮ БОЛГУЛА...”

№945 14-20-январь, 2021-ж.

Бир аялды катуу сүйдүм. Унутулат дешти, ал кеткенде кайрат айтып далымдан таптап, мыйыгынан жылмайгандар болду. Чын дилинен кейип жаны ачыгандар болду. Акыл айткандар болду, “уят, кокуй, бет калабы, аның 3 балалуу жубан экен, сен чырактай жигитсиң, келишимдүү, келбеттүү, билимдүү, колуңда бар. 3 тилде эркин сүйлөгөн жигитсиң. Бул сенин теңиң эмес. Кой, ата-энеңди ойло” дешти. Какшашты. Мен да пендемин. Кетенчиктедим. Коркуп кеттим. Экөөбүздүн келечегибиз болбойт го деп эле ойлодум. Сен көзүмдөн эле сезип койдуң. Кетенчиктеп сени карай албай жатканымда көздөрүмдөн баарын билип койдуң. Ошол саамда мени бир карадың, чиркин! Өмүр бою унута албасмын ошол көздөрдү. “Сен деле өз башың менен ойлоно албаган, эл ураа-ураа десе ошол жакка ооп кеткен бечара турбайсыңбы” деген көз караш болчу. Мени тирүүлөй эле муунтуп салган көз караш... Жашоомдо өзүмдү мынча бечара сезген эмесмин. Анан эмне болду? Сен кетип калдың. Башында бул нерсени көтөрө алат болушум керек деп ойлогом. Күндөр өтүп жатты. Кандай деп түшүндүрсөм, ички органдарымды бирөө чыгарып салгандай, бир колум үзүлүп бир жерде калгандай же аба жетпей жаткандай сезилди. Аптыга дем алам. Болбойт. Көңүл ачышка аракет кылам, эч эле окшобойт. Мен үчүн мурун маанилүү болгон нерселердин баары маанисиз сезиле баштады. Кызык, бул эмне сезим? Бир адамды бир адамга ушунча байлаган бул эмне кудурет? “Өтөт” дешти акылдуулар. Мен башкача жаралып калганмынбы, убакыт дарылабай койду. Тескерисинче, жарам кайра-кайра канап жаткандай сезиле берди. Оорудум, доктурлардан баш чыкпай калды. Диагнозун эч ким коё албай убара. Бирок мен билдим диагнозумду.

Мен бир аялды сүйүптүрмүн. Ушунчалык! Ансыз жашоо өңү өчүп калган сүрөттөй, маанисиз китептей, шекерсиз чайдай. Билбейм, мен аны эмнеге сүйдүм? Уйкусуз түндөрдө ырларды жаза тургандай, өмүрү өйдө карабаган апама кыйкыра тургандай, машинемди сатып ошол акча менен издеп Ат-Башы, Нарынды кыдырып издегендей сүйдүм. Ал телефонун алмаштырып, бардык социалдык тармактардан жоголуп кетти. Жер тытып жүрүп таптым. Жөнөкөй эле айылда жашап калдык. Анын үч баласы меники болду. 3 тил билген, экономиканы семичкедей чаккан, эл “ушул баладан бир нерсе чыгат, жок дегенде министр болот” деген жигит айылда математика сабагынан мугалим болду. Келишимдүү келбет деле кетти окшойт, менимче, анткени мен көп иштешим керек. Үч баланы, анан өзүмдүкүн кошкондо 4 баланы бутуна тургузуш үчүн көп эле жумуштарда иштеш керек. Кээде такыр акча жок калат. Бирок билесиңерби, мен болуп көрбөгөндөй бактылуумун. 30га чыкканча чет элде жүрүп, иштеп, жер тыта издеп, таппаган бактым ушул жупуну айылда экен. Ичимде бир бейпилдик бар. Жылуулук бар, ушуга шүгүр келтирем. Сүйгүлө, сүйүктүү болгула, шүгүр кылгыла! Бакыттын жөнөкөй формуласы ушул экен.

Адик


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
18.01.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйуу-пуйуу болбогон бир жомок. Чыныгы суйуу никеден кийин. Уй булону суйуу керек.
18.01.2021. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Altyn-kyzym,Ушундай акылы тайкылар тажатты. Таанып тааныбай корунгон бироого тийип алат да аан 30 бала менен ажырашып журушот жылдызыбыз келишпей калды деп
18.01.2021. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erlan_95,✓✓✓✓✓✓✓✓
18.01.2021. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Слишком скучный
19.01.2021. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балким башынды айлантып алгандыр.
19.01.2021. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эстен танып сүйгөн адамымды Японияга окуйм деп жетпей калганыма ушунчалык өкүндүм. Кана эле убакытты артка кайтара алсак ойлонбой туруп турмушка чыкмакмын. Эми каяктан ал үйлөндү дегендей. Аябай бактылуу адам экенсиз,аябай суктандым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо