Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГҮЛДӨРГӨ БАЙЛАНЫШКАН КЫЗЫКТАР

№946 21-27-январь, 2021-ж.

Жадакалса гүлдөргө байланышкан ырым-жырымдар бар. Биз алар тууралуу такыр эч нерсе билбейсиз десек жалган айткан болобуз. Мисалы, белекке жуп санда гүл бербейбиз. Бирди, үчтү же бешти берүү керек деген эрежени унутпай аткарабыз. Дүйнө эли гүлдөргө байланыштуу кандай ырым-жырымдарды карманып, өлкөлөрдүн кайсы гүлдөргө өзгөчө маани берерин бирге билели.

ТҮРКИЯ

Түркия муундан-муунга өтүп келе жаткан гүл этикет эрежелери менен белгилүү. Мисалы, ачык кызыл гүлдесте кубанычты жана достукту чагылдырса, көк жана ак түстөр кайгы-капаны билдирет. Түрктөрдүн сүйүктүү гүлдөрү – жоогазындар. Түркиядагы бул гүлдөр майрамдарда гана эмес, жөнөкөй күндөрдө деле бериле берет. Аялдарга ачык гүлдөрдү – орхидеяларды, гербераларды, роза гүлдөрүн берүү салтка айланган. Ал эми кыздарга тазалыктын символу катары ачыла элек гүлдөрдү берип келишкен. Бирок бул салт бүгүнкүгө чейин уланып келүүдө деп айтуу кыйын.


БОЛГАРИЯ

Илгертен бери роза жаштыктын жана сулуулуктун символу деп эсептелет. Болгарияда аны өзгөчө урматташат. Бул гүл өлкөнүн башкы белгилеринин бирине айланган. Роза жөнүндө бул жерде көптөгөн ырлар жаралган, жергиликтүү сүрөтчүлөр аны сүрөттөрүндө көп чагылдырышат. Роза элдик саймаларда көп кездешет, ал эми болгарлардын улуттук аземдеринде бул гүл алмаштыргыс атрибут болуп саналат. Жыл сайын май айынын аягы, июнь айынын башында Болгарияда гүлдөрдүн ханышасынын урматына арналган роза фестивалы өтөт.

КЫТАЙ

Кытайлар гүлдөрдүн арасынан пионду жогору баалашат. Гүл бакыт, сүйүү, байлык алып келет деп эсептешет. Жыл сайын Хэнань провинциясында Пион фестивалы өткөрүлүп, кооз гүлдөрдү сүйүүчүлөрдүн көпчүлүгүн өзүнө тартып турат. Ушул учурда Цзянь дарыясынын эки жагында миңдеген кооз пиондорду көрүүгө болот. Фестивалдын жүрүшүндө концерттер, пиондордун, сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, пиондорду өстүрүү боюнча семинарлар жана ишкердик сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

ЯПОНИЯ

Японияда сакура өсүмдүгүнө өзгөчө баа берилет. Сакура – алчадан айырмаланып мөмө бербеген, "алча" түрүнө кирген декоративдик дарактын япончо аталышы. Японияда көптөгөн ырлар жана поэмалар сакурага арналган. Ал жаштык жана сүйүү менен байланыштуу. Жыл сайын жазында алча гүлдөрүнө суктануу үчүн сейил бактарда жана аллеяларда, Күн чыгыш өлкөсүнүн хан сарайларынын жанына адамдар чогулушат.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
25.01.2021. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пиондорду менда аябай жакшы кором
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо