№947 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
“Таене, жатамын десең жай кенен, ичемин десең чай кенен” деп Гүлжигит Сатыбеков мектеп курагында таенесине ыр жазган экен. “Таенеме арнап бир топ тамашалуу ырларды жазгам” дейт ырчы. Сөздү таенеси тууралуу баштаганыбыздын да жөнү бар. Ырчы 9 айлыгынан тарта таенесинин колунда тарбияланган. Андыктан “Апам жапкан нан” рубрикабызда каарманым Гүлжигит Сатыбековдун таенеси жана апасы тууралуу кеп кылабыз.
“ЫР ЖАЗЫП БЕРИП ТАЕНЕМДИН КӨҢҮЛҮН КӨТӨРЧҮМҮН”
– Мен ата-энем студент кезинде төрөлгөм. Ошондуктан 9 айлыгымда алар мени таенеме беришкен. Ошондон тарта кемпирдин тарбиясын алып чоңойдум. Ушул себептүү таенем экөөбүздүн эстей турчу учурубуз көп. Апама караганда таенемди жакшы билем. Таенем сөзгө чечен, кайраттуу, тартипти катуу кармаган адам болчу. Өзү 50 жылдай агартуу тармагында иштеди. Бала кезде музыка коюп бийлесем, таенем шыйракка таягы менен чаап калчу. “Секирбе, ал шайтандын иши. Андан көрө китеп оку же башка жумуш кыл” дечү. Таенем жөн жүргөндү жактырчу эмес. “Жөн турба, убактың бекер өтпөсүн, бир нерсе жаса” дей берер эле. Экөөбүз чогуу нан жаап, тамак жасачубуз. Ал мага кандай жасалышы керектигин айтып берип, мен жасачумун. Мисалы, камыр ачытканды, нан жапканды үйрөттү. Анда биз көмөч көмчүбүз. Бир көмөч нан экөөбүзгө 2-3 күнгө жетчү. Тамактангандан кийин чуркап барып муздак суу ичип алсам, “муздак суу ичпей, чай ич” дечү. Чайды коюу демдетип, ысык кылып иччү. Шашып-бушуп эптеп демдеп барсаң, “кайнатып, демдеп кел” деп кайра жиберет эле же ошол жерден чайнекти ыргытып салчу.
Мектеп курагымда уйкаштык издеп таенеме тамашалуу ырларды жазып, окуп берчүмүн. Күлүп, көңүлү көтөрүлүп калчу. Мисалы, бир жолу “таене, жатам десең жай кенен, ичем десең чай кенен” деп жазгам (күлүп). Азыр ушул саптар эсиме келди. Таенем мага китеп көп окутчу. Бүгүн окуп бүтпөй калсак, эртеси күнү “баланча эмне болду экен? Окуп берчи” деп каармандарга кабатыр болчу эле. Акыркы жолу “Бриллиант жылан” деген китепти окуп бердим.“ТАЕНЕМДИН КАЗА БОЛГОНУНА ИШЕНГЕН ЖОКМУН”
Таенем көп жыл ооруп, 80 жашында, мен 23 жашта каза болду. Каза болор күнү туугандарын чакыра баштады. Мени көрбөсүн дешти окшойт, туугандар “суу алып келчи” деп жөнөтүп коюшту. Келсем, өтүп кетиптир. Ыйлай албай койдум. Ары-бери чуркап эле нес абалда жүрө бердим. Бул кабарга ишенген жокмун. Таенеме эч нерсе кыла албай калдым. Ага жасай албаганымды апама кылганга аракеттенем. “Таенемди келиндүү кылам, неберелери менен ойнойт” деген ниеттерим бар эле. Келини менен неберелерин таенем көрбөсө да, апам көрүп жатат. “ЭЧ КИМГЕ ТААРЫНБАЙМ. ЖАШООМО, АТА-ЭНЕМЕ, ТАЕНЕМЕ ЫРААЗЫМЫН”
Ата-энем мени дайым колдоп турушат. Ата-эненин колдоосу – бул бата. Батасын берип, жакшы тилектерин айтышат. Ар бир концертиме келип көрүп кетишет. Салтка айланып калган концертимди бул жылы 5-6-февралда бергени жатам. Ата-энем келебиз деп камданып жатышат. Бул мен үчүн кубаныч.
Дүйнө аялзаты бар сулуу. Апа деген 3 тамгадан турган сөздүн ичинде чоң дүйнө бар. Апалар, аман болгула, жүзүңүздөрдөгү бырыштар жакшылыктын бырышы болсун, кадырлуу карылыкка жетиңиздер!
Перизат Музуратбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |