№947 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Генерал “курал-жарак менен имаратты басып алуу” беренеси боюнча айыпталып жатканын анын адвокаты Икрамидин Айткулов коомчулукка жарыялады.
Асанов 2020-жылдын 12-октябрында "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган. 4-ноябрда үй камагына чыгарылган. Курсан Асанов октябрь окуяларынын негизги каармандарынын бири, элдик толкундоодон кийин башчысыз калган ИИМди убактылуу жетектеп турган. Ал үстүбүздөгү жылы 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.
Курсан Асанов Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, сот иши аягына чыга элек.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |