БУТКА ЧАЛЫНГАН 8 ЖАМАН АДАТ

№947 28-январь-3-февраль, 2021-ж.

Эч ким өзүн “мен жаман адаммын” дебейт. Ооба, адамдын жаманы болбойт, анын жаман сапаттары болот. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, “Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу”. Төмөндө саналган 8 адатты жакын жолотпой, күн сайын адам болуңуз.

БАРДЫК НЕРСЕНИ ЖҮРӨККӨ ЖАКЫН АЛУУ

Чөйрөдө ар түрдүү адамдар болот. Бирөөнүн сизге карата жасаган мамилеси – жашооңузда өтө чоң мааниге ээ болбошу керек. Ал сиздин маанайга, максаттарга жана пландарга тоскоолдук кылбоосун шарттаңыз.

ТУУРА ЭМЕС ТАМАКТАНУУ

Туура тамактануу – дени сак жашоонун өзөгү. Эң аз дегенде күнүнө 4 маал тамактаныңыз. Аз-аздан, бирок аралыгын алыс эмес, бат-баттан тамактануу керек.

ӨТКӨНДҮ КОЁ БЕРБӨӨ

Сиз үчүн келечек маанилүүбү же өткөн күнбү? Эгерде бактылуу турмуш кечирем десеңиз, өткөн нерселерди унутуңуз. Сөз балалык, жаштык, жагымдуу күндөр жөнүндө болуп жаткан жок. Сөз өткөн убакыттагы жагымсыз нерселер жөнүндө. Аларды коё бериңиз.

ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Эл сүйлөйт, айтат, дейт да кала берет. “Эл эмне дейт?” деген туткундан чыгыңыз. Француз жазуучусу Оноре де Бальзак “Шагреневая кожа” чыгармасында “Коомдук пикир – бардык сойкулардан дагы бузук” дегени бар.

БААРЫНА ЖАГУУГА АРАКЕТ КЫЛУУ

“Баарына жагам, баарын ушул нерсеге ишендирем” десеңиз жаңылышасыз! Баарына жагыш үчүн акча болуш керек. Бул баягы эле элдин пикири менен эсептешип жашаган оору. Сизге кандай учурда комфорт түзүлөт? Биринчи ошону ойлоңуз. Бирөөнүн пикири сизге ыңгайлуу шарт эч качан түзүп бербейт!

КЕЧ УКТОО

Медицинада кечки саат 22:00дөн түнкү 04:00гө чейинки аралыктагы уйку эң пайдалуу дешет. Эрте жатып, эрте турган киши организмдеги токсиндерден эрте арылат: бошонот, теридеги түнү менен иштетилген заттардан арылып жуунат, тамак ичет жана башка.

НААЛЫЙ БЕРҮҮ

Позитивдүү адамдар бекеринен узак жашашпайт. Бардык кырдаалды оң жагынан кабыл алыңыз. Наалып жүргөн адамдар дайыма айланасына да негатив чачып жүрүшөт.

БИРӨӨНҮ СӨЗ КЫЛУУ

Азыр баары электрондошуп кетпедиби. Ушак айтуу, бирөөнү сыноо, артынан сүйлөө азыркы социалдык тармактарда ар кайсы комментарийди жазып, пост чыгарып отургандардыкы болуп калды. Мындай ыплас иштерге убакыт коротпоңуз.

Гүлжан Асанкожоева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
01.02.2021. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеч уктоо менен туура эмес тамактануу бутка чалынып эле журот да. Тамактанбасам Бир сутка деле эч нерсе жебей журо берем,жумушка байланыштуу 1-1,5суткага чейин уктабай жургонго мажбурмун...
04.02.2021. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sary1707,анчалык жанды эмнеге кыйнайсын тууган бул жашоодо максат кой тытынып иштеп,курсакты тойгузбай журуп эртен эле ден соолуктан айрыласын
01.02.2021. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат супер ен керектуу советтер екен
01.02.2021. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
дааа.... жашооодо коп кездешуучу адаттар, почти что у всех
02.02.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде ушул сапаттын баары бар. Картина таштоо керек
02.02.2021. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Позитивдүү адамдар неге узак жашашпайт, апей?!
04.02.2021. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
radostmoya, Узак жашашат деген эле маани )) Позитивдүү адамдар бекеринен узак жашашпайт -
бул жерде "бекеринен" деген сөзгө маани берип окусаңыз түшүнүктүү болот. Жалпак тил менен айтканда, "Позитивдүү адамдар жөн эле жерден узак жашашпайт да, анткени алар позитивдүү" деп түшүнсөңүз болот.
04.02.2021. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа мен эле ушундаймын го десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо