Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камчыбек Ташиев: “МЫНДАН АРЫ ӨЛКӨДӨ КРИМАВТОРИТЕТ ДЕГЕН БОЛБОЙТ”

№948 4-10-февраль, 2021-ж.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “өлкөдө мындан ары кримавторитеттер болбойт” деп билдирди. Бул сөзүн ал 3-февралда парламентте жаңы өкмөт бекитилип жатканда айтты.

– Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтор баарын чечип калышкан. Атүгүл мамлекеттик кызматка кимди дайындоо керек экенин, ким министр, ким депутат болуп шайланат, өлкөдө кандай бизнес өнүгүшү керек – баарын алар чечишкен. Мындан ары андай болбойт. “Смотрящий”, “положенец” дегендер болбойт. Эгер кимдир бирөө мыйзамдагы ууру болгусу келсе, анда башка өлкөгө барып жашасын. Коррупция мамлекеттик түзүмдө гана эмес, бизнесте да бар. Мисалы, жакында бир ишкер Кытайдан 7 контейнер алып келген. Анда жүздөй телевизор бар деп айтылган, текшерсе 7 миң телевизор. Эми ал 30 миллион сом төлөп жатат. Айрымдар УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшпөш керек деп жатат. Жок, биз күрөшөбүз. Бизде андай башкармалык бар. Баңгизат сатуу менен алектенген көптөгөн адамдар, алардын ичинде погончон адамдар, атүгүл генералдар бар. Бул багытта чоң иштер жүргүзүлүп жатат. Мындай ишке аралашкандардын баарынын жүзүн ачабыз,- деди Ташиев.

“Өлкөдө мындан ары кримавторитеттер болбойт” деген ураанды 2010-жылы бийликке келгенде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да айтып, бирок аягына чыгышкан эмес.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо