№948 4-10-февраль, 2021-ж.
Төкмө акындар өлкөнүн жети облусун кыдырып концерт берет. Бул тууралуу акын Баян Акматов буларды билдирди:– Февраль айынан баштап аймактарды кыдырып, элдин көңүлүн ачып концерт коёлу деп жатабыз. Алгач Ысык-Көл, Нарын облустарынан баштаганы турабыз. Мүмкүнчүлүк болсо, өлкөнүн булуң-бурчундагы айылдарга баруу ниетибиз бар. Пандемиядагы жоготуулар, өлкөдө болуп өткөн саясий окуялар элди кайгыга чөктүрүп койду. Биздин башкы максатыбыз – капаланган карапайым элдин жарпын жазып, көңүлүн көтөрүү. Мындай учурда маданият адамдары уктап жатып алсак туура болбой калат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |