КУНДУЗ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

№948 4-10-февраль, 2021-ж.

Шуба кийип жүрүүнү жактырасызбы? Канча шубаңыз бар? Же кундуз тебетейди кыялданып жүрөсүзбү? Териси баалуу жаныбар – кундуздар тууралуу көп кызыктар бар. Окусаңыз кымбат аң тери кийиминен баш тартышыңыз да мүмкүн.

АГЫП КЕТПЕСИН ДЕП...

Дарыя, өзөндөрдө жашаган кундуздар суунун үстүндө чалкасынан калкып укташат, эс алышат. Алар балдарын же түгөйүн суунун агымы агызып кетпесин деп, колдорун кармашып алып укташат. Мындан тышкары балыр, суу өсүмдүктөрүн дагы якорь катары колдонушат.

БООРУ АЧЫЙТ БЕКЕН ДЕП...

Кундуздун ургаачылары балдарын аябай бапестеп багышат. Эгерде өзүнө жырткыч же адам тарабынан коркунуч жаралып калса, боору ооруйт бекен деген үмүттө колундагы баласын көрсөтөт. Бирок кымбат баалуу аң-тери кийимин тигүүчүлөр буга карабай өлтүрө беришет.

АЙБАН БОЛСО ДА АТА-ЭНЕ

Кундуздар тандаган түгөйү менен өлгүчө чогуу өмүр сүрүшөт. Чоңойгон балдарын ийинден кууп салышпай, өз алдынча кетишкенче күтүшөт. Эгер балдары ийинден башка жакка ооп кетип, бирок кайтып келишсе, ата-энеси кайра кабыл ала беришет.

ТАШТЫ КУРАЛ КЫЛЫШАТ

Алар сууда 100 метр тереңдикке чейин сүзүп, 6 мүнөттөн ашык суу алдында жүрө алышат. Кундуздар эң мыкты суучулдар. Деңиз кирписи, деңиз таракчасы (гребешки), мидия сыяктуу моллюск түрлөрүн суудан таап чыгышат. Терген олжолорун суунун үстүнө алып чыгып, сууга чалкасынан калкып жатып алып жешет. Ал эми ракушкаларды көкүрөгүнө коюп алып таш менен чапкылап ичин ачышат.

АЯБАЙ КӨП ТАМАК ЖЕШЕТ

Тапкан олжосу чоң балык же башка суу жаныбары болуп калса гана жээкке сүйрөп чыгат. Ал эми майда-чүйдө тамактарын суунун үстүндө жей берет. Убактысынын баарын тамактанууга короткон жаныбар. Анткени алар сууда калкып, сүзүп жүрүү үчүн денесинин температурасын бир калыпта жылуу сактап жүрүүлөрү керек.

Гүлжан Асанкожоева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
09.02.2021. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иии жандарым))
10.02.2021. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарына жалко эч ким албай койсо кундуздан жасалган шуба,тебетейлерди жакшы болот эле
10.02.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кундуз десе ырчы кундуз экен деп кире калыпмын.
12.02.2021. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баласын которуп тиктеген коз карашы боорду оорутаткоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо