№949 11-17-февраль, 2021-ж.
1. Бир Кувейт динары – 279,84 сом
Кувейт дүйнөдөгү бай мамлекеттердин бири. Негизги киреше булагы мунай заты. Мунайды көптөгөн өлкөлөргө экспорттогондуктан Кувейт динарынын баасы жогорулап келет. 2. Бир Бахрейн динары – 224,81 сом
Персия булуңунда жайгашкан өлкө. Булар да мунай затын сатуудан байыган. 3. Бир Оман риалы – 220,17 сом
Оман султанаты да мунайдын эсебинен экономикасын жогорулаткан. 4. Бир Иордания динары – 119,72 сом
Иордания мамлекети өтө бай эмес,ошентсе да акча бирдиги кымбат валюталардын ондугуна кирген.5. Бир Британ фунту – 116,44 сом
Көпчүлүк Британ фунтун эң кымбат деп ойлошот, бирок бул валюта алгачкы ондукта 5-орунда турат. 6. Кайман аралдарынын бир доллары – 102,29 сом
Кайман аралдарында салык төмөн болгондуктан банк, инвестициялык фонд, камсыздандыруу компаниялары өтө көп. Бул жагдай валютасынын жогору баада сакталышына таасирин тийгизип турат. 7. Бир евро – 102,09 сом
Европадагы 17 мамлекеттин, анын ичинде Германия, Испания, Италия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн валютасы болгондуктан баасын түшүрбөй келет. 8. Бир Швейцария франкы – 94,26 сом
Швейцария дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн сап башында. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн акча бирдиги көбүнчө жогору бааланары аныкталган. 9. Бир АКШ доллары – 84,80 сом
Эл аралык Эсептөө Банкынын билдирүүсү боюнча, дүйнөдө бир суткада 2,2 триллион доллар сатыкта жүрөт, башкача айтканда, сатып алуулардын 87 пайызы АКШ доллары менен жүргүзүлөт. 10. Бир Канада доллары – 66,45 сом
Канада доллары дүйнөлүк рынокто көп жүгүртүлгөн валюталардын бештигине кирген.
(Валюта курсу 8-февралга карата алынды)
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
1 сом = Венесуэла 20 672 боливар
1 сом = Иран 498 риал
1 сом = Вьетнам 272 донг
Эми Венесуэла менен Орусияны карайлы, алар дүйнөдө мунайдын запасы боюнча №1 жана №3 орунда турушат, бирок АКШнын санкцияларынан улам акча бирдиги, дүйнөдө эң алсыз ак бирдиги болуп саналат.