№949 11-17-февраль, 2021-ж.
Жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жөө күлүктөрү Мусулман Жоломанов жана Алмаз Эсенжанов 5-6-февраль күндөрү Стамбул шаарында өткөн Түркиянын ачык чемпиондугуна катышышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.Жоломанов 1500 метр аралыкты 3 мүнөт 49 секундда чуркап өтүп, 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Ошондой эле ал жогоруда аталган аралыкта Кыргызстандын рекордун жаңылады. Алмаз Эсенжанов болсо 16-орунду ээледи.
Ал эми 3000 метр аралыкта Жоломанов 6-орунду ээлесе, Эсенжанов 10-орунга жетти.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |